Шүкүров Жапар

Википедия дан

Шүкүров Жапар (26. 11. 1906, Кант району, Сынташ кыштагы - 2. 10. 1963, Фрунзе) - кыргыз совет тилчиси, коомдук ишмер, котормочу.

  • 1939-жылдан КПСС мүчөсү.
  • филология илимдеринин кандидаты (1947).
  • Токой кыюучунун үй-бүлөсүнөн.
  • Жашынан жетим калып, малай болуп жүргөн, мал баккан (1916-1920).
  • 1920-1924-жылдары Фрунзе шаарындагы «2-балдар үйүндө тарбияланган.
  • 1931-жылы Орто Азия мамлекеттик университетин бүткөн.
  • Тил, адабият жана тарых илимий изилдөө институтунун илимий кызматкери жана директору (1938-1940), Кыргыз ССР эл агартуу комиссары (1940-1943), СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын президиумунун төрагасынын орун басары (1943-1950) болгон.
  • Кыргыз ССР ИА уюшулгандан тартып Тил жана адабият институтунун лексикология секторун башкарган.
  • Ал «Орусча-кыргызча сөздүктүн» (1944) авторлорунун бири.
  • Кыргыз тил терминологиясы, фразеологиясы жана тарыхы боюнча да эмгектери бар.
  • Ал - кыргыз фразеологиясын адеп изилдеп, ал жөнүндө биринчи илимий пикир айткан илимпоз.
  • Марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектерин которгон.
  • Редколлегия мүчөсү катары «Манасты» редакциялоо ишине баалуу салым кошкон.
  • Латын алфавитинен орус алфавитине өтүү ишине активдүү катышкан.
  • Шүкүров 1947-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумуна мүчөлүккө шайланган.
  • Кыргызстан КП БКга, партиянын Фрунзе обкомуна жана шааркомуна мүчө болгон. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9