Ыкшар

Википедия дан
Amaranthus tricolor.

Ыкшар (лат. Amaranthus, L. 1753) – амаранттар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир же көп жылдык, бир үйлүү чөп. Көбүнүн сабагы бутактуу, кээде бутаксыз. Жерге төшөлүп же тик өйдө өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакта кезектешип жайгашкан, алар саптуу, формасы ар түрдүү: ромбик же ланцеттей, эллипстей, сүйрүрөөк – тегерек. Боочо топ гүлгө чогулган гүлдөрү жалбырак колтугунда орношкон, айрым түрлөрүнүн гүлү сабактын учунда шыпыргыдай, желпингичтей топ гүлдү түзөт. Аталык гүлү 3-5 аталыктуу, энелик гүлү бирөө. Мөмөсү – бир уруктуу кутуча, өсүмдүктүн бардык органдары жашыл. Айрым түрлөрү кызыл, кочкул же көгүш кызыл.

Ы-дын айрым түрлөрү (кайрылган Ы.) картошка жана бакча өсүмдүктөрүнүн өтө зыяндуу отоосу. Айрым түрлөрү (шыпыргыдай Ы., куйруктай Ы.) кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт. Жазында кээ бирин мал жакшы оттойт. Тоют катары да (ак Ы., төшөлмө Ы.) кээ бир өлкөлөрдө атайы айдалат.

Жер жүзүндө 20 ашуун түрү, Кыргызстанда 5 түрү белгилүү, алар көбүнчө өрөөндө, кыштоо тегерегинде, аңызда, айдоо четинде өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]