Ындыстан

Википедия дан

Ындыстан "Манас" эпосундагы топоним. Кыргыздардан кыйла алыс жаткан өлкө катары эпостун бир катар эпизоддорунда эскерилет. Манасты байлап кетмекке Каканчын каны жиберген жигиттердин бири Ы-дын бер жагы Коңгу деген жерден болот. Кошойдун Кырмусшааны багынтышы, Айгандын окуясы Ы-га караштуу же ага жакын жерлерде өтөт. Алмамбеттин келгенине арнап Манас той берген окуяда учурайт:

Күн жүрүш жакка бет алсаң

Ысбахан менен Ындыстан,

Кандай барсаң андай бар,

Ар керегиң камдай бар (Сагымбай Орозбаков, 1. 319: 2. 322).

Географиялык реалияда Азиянын түштүгүндөгү Индостан жарым аралы. Батышын Араб деңизи, чыгышын Бенгал булуңу чулгайт. Индостанда Индиянын көп бөлүгү, Пакистан менен Бангладештин айрым жерлери жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4