Ысык-Көлдөгү Кокон чептерин талкалоо аракеттери

Википедия дан

Ысык-Көлдөгү Кокон чептерин талкалоо аракеттери 19-кылымдын 40-жылдарында кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көзкаранды эместик үчүн кыймылы күчөп, Кыргызстандын түндүк-түштүгүндөгү кеңири аймакты камтыган. Буга 1842-жылы ордодогу козголоң жана Мадалы хандын өлүмү оңтойлуу шарт түзгөн. Анткени козголоң чыгарган феодалдык топтордун чыр-чатагы, бийлик талашкан ичара күрөштөрү хандыкты начарлаткан, Ордодогу окуяларга алагды болгон кокондук төрөлөр кыргыз элинин боштондук кыймылын тез арада басып коё алмак эмес жана ага кудурети жеткен эмес. Айрым аймактарда бул жылдары кыргыздар кокондук чептерди кыйратууга аракет жасашкан. Бөтөнчө Ысык-Көлдүк кыргыздардын кыймылы баскынчыларды кыйла кыйынчылыктарга, зор жоготууларга дуушар кылды. Көл кылаасындагы көтөрүлүш 1842-жылы башталып, ага көпчүлүк айылдардын калкы катышкан. Элдик кыймылды токтотуп коюуга чептерде жетиштүү сандагы сарбаздар жок эле. Каракол, Барскоон жана Коңурөлөң чептеринде 40–60тан гана сарбазы бар чакан кошуундар турган. Сарбаздар соода кербендерин кайтарчу жана зекет жыйноодо зекетчиге көмөк көрсөтүшчү. Алар кыргыздардын кысымына туруштук бере алышкан жок. 1843-жылы Ормон хан башкарган кыргыздар кокондук кошуундарды, зекетчилерди Ысык-Көл өрөөнүнөн кууп чыгып, алардын чептерин талкалашкан. Натыйжада, Ысык-Көл ойдуңунда Кокон хандыгынын үстөмдүгү жоюлуп, кыргыздар хан бийлигинен убактылуу кутулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.