Ысык-Көл Сырты

Википедия дан

Ысык-Көл Сырты - Тескей Ала-Тоо менен Какшаал кырка тоосунун аралыгындагы тоолуу аймактын жалпы аты. Топоним сырт жак, башкача айтканда Ысык-Көлгө карата сыртта жайгашкан аймак маанисинде Ысык-Көл сыртын жергиликтүү эл үчкө бөлүп, Тоң сырты, Жетөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп атайт. Ал эми термин катары кабыл алынган “Сырт” Теңир-Тоонун 3500-400м бийиктикте жаткан неогенге чейинки рельефиндеги байыркы түздүктөрдүн калдыктары. Неогенге чейинки Теңир-Тоо миллиондогон жылдар бою талкаланып үбөлөнүүгө учурап, азыркы борбордук Казакстандын рельефин элестеткен дөңсөөлүү түздүктөргө айланган. Неогенден баштап алып бүктөөлүүсүнө дуушар болуп, мурдагы дөңсөөлүү түздүктөр ошол боюнча 400м бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Чет жакалары эрозиядан тилмееленген; борбордук бөлүктөрүндө регрессивдүү эрозия азыркы мезгилге чейин тилмелеп үлгүрбөгөн жерлер бар. Арабел, Кумтөр, Карасай, Үзөңгүкууш, Аксай, Арпа, Мүдүрүм, Сарыжаз жана башка суулардын алабтарында бийик көтөрүлгөн байыркы түздүктөрдүн калдыктары сакталып калган. Ал сырттар төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоолорго учурагандыктан анда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири тараган. Азыркы кезде да сырттардын 4500мге көтөрүлгөн жалпак чокуларда мөңгүлөр жатат.