Эгиздер

Википедия дан
Эгиздер

Эгиздер — энеден бир эле мезгилде эки, үч жана андан көп төрөлгөн балдар.

Үч жана андан ашык Эгиздер чанда кезигет. Эгиз 4өрөөгө тукум куума ыңгайлуулук чок роль ойнойт. Алар бир жумурткадан же эки жана андан көп жумурткадан пайда болушу мүмкүн. Бир жумурткадан пайда болгон Э-дин жалпы тону болот. Адатта мындай Эгиздер бирдей жыныста (эркек же кыз) болуп, айрып алгыс окшош төрөлөт. Эки жумурткалуу Э. эки жумуртка клетканын уруктануусунан пайда болот. Мында ар бир түйүлдүк өз алдынча өсүп, өзүнчө тону болот. Алар бирдей же түрдүү жыныста болуп, бири бирине анча окшошпой бир тууган сынары гана болушу мүмкүн. Кош бойлуулардын эгиз түйүлдүгү баланын жүрөгүнүн какканы угулганда (кош бойлуулуктун 2-жарымында) гана аныкталат. Эгиз кош бойлуу аялдардын организмине бир топ кыйынчылыктар келет, талгак болуу, жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушу, веналардын варикоздук кеңейиши, буту шишүү, бат-бат заара кылуу, ошондой эле ара төрөө көп учурайт. Эгиз кош бойлуу аялдар врачка бат-бат көрүнүп туруусу керек. Төрөт жакындаганда (7 —10 күн калганда) төрөт үйүнө жатуу зарыл. Эгиздер салмагы, бою боюнча бири биринен айырмаланат. Аларды, айрыкча ара төрөлгөндөрдү өзгөчө багуу талап кылынат (кара Эмчектеги бала, Ара төрөлгөн бала). Эгиздерди туура тамактандыруу өтө маанилүү. Эмчектин сүтүнө тойбосо врачтын көрсөтүүсү менен кошумча тамактандыруу керек.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8