Эдификатор (биология)

Википедия дан

Эдификатор (биология) (латын тилинен addificator - куруучу) – биоценоздо басымдуулук (доминанттык ) кылуу менен өзүнүн тегерегинде бирге жашаган организмдерге чөйрө түзүүчү түрлөр. Эгерде эдификатордук түрлөрдү биоценоздон жок кылсак же санын азайтсак, анда ал жерде түрдүк структуралар менен биотоптук микроклиматтын өзгөрүшүнө алып келет. Мисалы, карагай токоюндагы карагай, арча токоюндагы арча. Алар ошол токой биоценозунда микроклиматтык чөйрөлөрдү түзүү менен ар кандай химиялык заттарды (фитонциддерди ж. б.) бөлүп чыгарышат ж. б. касиеттери менен ал жердеги өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын түрлөрүнүн структурасынын калыптанышында негизги эдификаторлордон болуп саналат. Кургактыктагы биоценоздо көбүнчө өсүмдүктөр эдификатор болуп эсептелет. Бирок, кээ бир биоценоздордо жаныбарлардын түрлөрү эдификатор эсептелиши мүмкүн. Мисалы, Памир-Алай тоо кыркаларындагы биоценоздордун субальпы алкактарынын кээ бир аймактарында кызыл суур негизги эдификатор болуп эсептелет. Анткени, кызыл суурлар фитофаг жаныбарлар катары ал жердеги өсүмдүк тобунун сапаттык структурасын, сандык мүнөздөрүн аныктайт, б. а. жер-жерлерде суурлар ареалын кеңейтүү менен бирге суур менен өсүмдүктүн ортосунда эволюциялык байланыш болуп, белгилүү эволюциялык убакытта сапаттык, сандык тең салмактуулукка келишкен. Ал аймактардан суурлардын санынын кескин азайып кетиши же жок болушу менен чөп өсүмдүктөр дүйнөсүндө сандык жана сапаттык кайра калыптануу жүрүп, биоценоз бир түрдөн экинчи түргө өтүшү мүмкүн. Натыйжада, ал жерде ландшафт, микроклимат, өсүмдүктүн өсүү шарттары ж. б. өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4