Леонард Эйлер

Википедия дан
Эйлер Леонард‎»‎ барагынан багытталды)
Леонард Эйлер
Сүрөт
Туулган күнү

15-апрель 1707-жыл

Туулган жери

Базель шаары,
Швейцария Швейцария

Жарандыгы

Швейцария мамлекети

Ишмердүүлүгү

Математик, механик, астроном жана физик

Каза болгон күнү

7 (18)-сентябрь 1783-жыл

Леонард Эйлер (15. 4. 1707, Базель, Швейцария - 7 (18). 9. 1783, Санкт-Петербург, Россия империясы) - математик, механик, астроном жана физик. Теги - швейцариялык. Швейцариядагы Базель университетин бүтүргөн (1724). И. Бернуллиден (к. Бернуллилер) окуган.

1727-ж-дан Петербург академиясында иштеген (1727-41). 1766-ж. үй-бүлөсү менен Петербургга көчүп келген. Ал - Петербург, Берлин, Париж академияларынын, Лондон король коомунун ж. б. көптөгөн ири илимий коомдордун мүчөсү; 850дөй илимий эмгектин автору. Швейцарияда Эйлердин 72 томдон турган чыгармаларынын толук жыйнагы чыгарылган. Эйлердин негизги эмгектери ошол кездеги математика менен механиканын бардык тармагы, серпилгичтик теориясы, математикалык физика, одтика, музыка теориясы, баллистика, деңиз илими ж. б-ларга арналган. Россиянын картасын түзүүчүлөрүнүн бири. Эйлер - катуу нерсенин кинематикасы менен динамика теориясын, атайын функдиялардын теориясын негиздөөчү. Асман механикасына да чоң салым кошкон. Эйлер - вариациялык эсептөөлөр менен дифференциал теңдемелер теориясынын түзүүчүсү, ошондой эле дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдү жалпылап, андан ары өнүктүргөн. Математиканын башка тармактарында да Эйлердин салымы зор. Алгебрада ага жогорку даражадагы радикалдуу теңдемелерди жана эки белгисиздүү теңдемелерди чыгаруу, экинчи тартиптеги бет жөнүндөгү окуу, ошондой эле төрт квадраттар жөнүндөгү Э-дин теңдештиги деп аталуучу ж. б. көптөгөн эмгектер таандык. 1738-ж. оң көзү, 1766-ж. сол көзү көрбөй калганына карабастан, өмүрүнүн акырына чейин өтө активдүү эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4