Эклектизм

Википедия дан

Эклектизмархитектурада жана көркөм сүрөт. искусствосунда - имаратты, көркөм буюмдарды жасалгалоо үчүн кандайдыр бир маанидеги жана максаттагы стилдик элементтерди айкалыштыруу же стилистикалык жасалгаларды эркин тандоо.

Эклектизмге Кайра жаралуу доорунун улуу чеберлери, Болон мектебинин өкүлдөрү кайрылышкан. Эклектизм 19-кылымдын 2-жарымында архитектурада ар түрдүү стилдердин формаларын ылгабай колдонгон зодчийликке (айрыкча интерьерлерди кооздоодо), ошондой эле салондук искусствого мүнөздүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4