Экономикалык цикл

Википедия дан

Экономикалык цикл - Экономикалык өсүш - макроэкономикалык өнүгүүнүн борбордук маселеси.

Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр жарды болсо, башкалары бай? Эмне үчүн экономикалык жигердүүлүктүн жүрүшүндө ар бир өлкө гүлдөп-өсүүнү гана эмес, о. э. өзүнүн өнүгүшүндөгү чөгүүлөрдү да башынан өткөрөт? Ушул суроолордун бардыгы экономикалык өсүштүн теориясында камтылган. Экономикалык өсүш өзүнүн динамикасында бир кылка эмес. Эгерде жалпысынан экономикалык өсүштүн тенденциясына көз чаптырсак, анда анын өнүгүшүндөгү циклдүүлүктү байкоого болот. Деңгээлдердин мезгилдүү термелүүлөрү реалдуу УДПнын, жумушсуздуктун деңгээлинин, инфляциянын деңгээлинин, номиналдуу проценттик ставканын, номиналдуу валюталык курстун өсүшү, акчанын өсүшү ж.у.с. үчүн мүнөздүү.

Ар бир цикл төмөнкүдөй төрт фазага ээ:

  • Ишкердик жигердүүлүктүн туу чокусу;
  • Ишкердик жигердүүлүктүн чөгүшү;
  • Депрессия (төмөндөө);
  • Жандануу, ишкердик жигердүүлүктүн жогорулашы .

Ишкердик жигердүүлүктүн туу чокусунда экономикалык дүркүрөп өсүүнү башынан өткөрөт, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн жеткен чегинде иштейт. Ушул мезгилде - жумушсуздук азыраак, керектөөчүлүк, инвестициялык, мамлекеттик чыгымдар көбүрөөк болот, жалпы сунуш жалпы суроо-талапты жогорулатып жиберет. Бүтүндөй бир катар себептер менен керектөөчүлөр жана ишкерлер өз керектөөсүнүн деңгээлин кыскарта башташкан кезде ишкердик жигердүүлүктүн чөгүшү келип чыгат, бул өндүрүштүн кыскарышына, б.а., жалпы сунуштун кыскарышына жана жумушсуздуктун өсүшүнө алып барат.

Экономикада жалпы суроо-талап жалпы сунуштан ашып кеткен кездеги абал келип чыгат. Акырында, экономика депрессия абалына дуушар болот, андан да бир катар себептер менен чыгат жана жандануу, көтөрүлүү фазасына өтөт, ал ишкердик жигердүүлүктүн туу чокусуна ж.у.с. жетүү менен аяктайт. Экономикалык циклдердин алмашуусунун себеби эмнеде? Көп экономисттер өткөн кылымдан баштап, бул кубулушту түшүндүрүүгө аракет кылып келишкен. Алсак, XIX кылымда, В.С. Джевоне аларды күн тактарынын пайда болушунун натыйжасы катары түшүндүргөн. Циклдердин теориясы жагынан жол баштоочу деп Уэлси Клер Митчелл эсептелинет, ал 1913-ж. эле ушул маселе боюнча китеп чыгарган. 1926-ж. совет илимпозу Кондратьев Россия коомдук илимдер илим изилдөө институтунун ассоциациясынын Экономика институтунда экономикалык циклдердин теориясы боюнча доклад жасаган. Анын эмгектерине кийинчерээк өлкөдө тыюу салынса да, Кондратьевдин иштеп чыгуулары «Экономикадагы узун толкундар» теориясынын негизи болуп, анын идеясын бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары коштоп кетишкен.

Мисалы, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1971-ж.) Саймон Кузнец өсүш темпинин узак толкунун аныктап («Кузнецтин циклдери» деп аталган), аны 20 жылдык мөөнөт менен чектеген. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүнүн динамикасы да экономиканын циклдүүлүгүн ырастайт. Алсак, республиканын өнөр жайы өзүнүн абалынын туу чокусуна 1987-ж. жеткен. Бөлүп көрсөтүлгөн тренд өнөр жайындагы 1991-жылдан 1995-жылга чейинки узак чөгүүнүн тенденциясын мүнөздөйт. Бирок соңку 1996-2000-жылдарда өндүрүштүн көлөмүнүн турукташа баштаганын көрсөтөт. Өндүрүштүн депрессиялык абалы бара-бара жанданууга өтөт жана андан кийин ишкердик жигердүүлүктүн жогорулашы күтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9