Элечек чечмей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—8 киши.

Оюн аянтчада, жолдо, талаада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда элечек колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын бирөөсү башына элечек оройт. Калгандары андан 2—3 кадам аралыкта туруп оюндун шарты жөнүндө макулдашат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элечек кийген оюнчу, калгандардан белгиленген жерден чыкпай кача баштайт. Беркилер артынан кубалап жетишип элечегин чечип кетүүгө тийиш. Элечекти чечкени аны өзүнүн башына орогондон кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. Элечекти баарынан кеп чечүүгө жетишкен оюнчу жеңүүчү,болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянтчадан сыртка чыгууга, бир бирин урууга, жыгууга жол берилбейт,

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга кыз, келиндер катышат. Оюнчулар элечек ороону үйрөнгөндөн кийин киришсе болот,

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ылдамдык, күч шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, элечек ороону үйрөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]