Эллин маданияты

Википедия дан

Эллин маданияты, Эллада мазанияты - эки мааниде колдонулуучу термин: хронологиялык жагынан эллинизм доорундагы маданиятты. Типологиялык жагынан грекиялык (элладалык) жана жергиликтүү элементтердин өз ара карым-катышынан челип чыккан маданиятты түшүндүрөт.

Типологиялык маанисинде анын хронологиялык жана географиялык чеги кеңейип, Александр Македонскийдин жортуулдарынан (б. з. ч. 4-к.) Рим империясынын кулашына (б. з. 5-к.) чейинки антикалык дүйнөнүн бүт маданиятын камтыйт. Эллин маданияты ар бир областта жергиликтүү маданияттын туруктуу традициялык элементтери менен басып алуучулар алып келген маданияттын өз ара катышынан түзүлгөндүктөн жер-жерлерге тиешелүү айырмачылыктары болгон. Бирок Эллин маданиятынын бардык түрлөрүнө мүнөздүү айрым жалпылыктар да болгон. Ал бирдейликтер эллада дүйнөсүнүн бүт аймагындагы коомдун социалдык жана экономикалык жактан окшош өнүгүүсү жана ага грек маданиятынын элементтеринин катмары менен шартталган.

Эллада дини менен мифологиясына синкретизм абдан мүнөздүү болгон. Анда чыгыш мурасы зор роль ойногон. Грек кудайларына байыркы чыгыш кудайларыныкындай жаңы сапаттар кошумчаланган. Чыгышта калыптанган синкреттүү культтар Кичи Азия. Греция жана Македонияга, кийин Жер ортолук деңиздин батышына чейин тарап, айрымдарын гректер эч өзгөртүүсүз эле кабыл алышкан. Эллинизм доорунда Платон академиясы, Аристотель ликейи (перипатет мектеби), киниктер жана кирен мектеби өз иштерин улантышкан. Ошол эле учурда скептицизм, эпикуризм жана стоицизм деп аталган бири бирине каршы философиялык жаңы үч багыт пайда болгон.

Б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан Грециянын жана Чыгыштын диний-мифологиялык традициялары менен философиясы ортосунда жакындашуу башталган. Эллин дүйнөсүнүн эң ири илимий борбору Александрия болгон. Анда жазма китеп даярдоо өнүккөн жана китепкана ачылган. Пергам, Антиохия шаарлары, Родос аралы көрүнүктүү илимий жайларга айланып. бул илимий борборлордо эмгектенген илимпоздордун көбү гректер болгон. Грек тили ошол доордо эл аралык илимий тилге айланган. Математика менен астрономиядагы ири ачылыштар (айрыкча б. з. ч. 3-2-к. Алексяндрияда) Евклид, Архимед, Аполлоний ж. б-дын ысымдары менен байланыштуу. А. Македонскийдин жортуулдары географиялык илимдин кеңейишине түрткү берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.