Мазмунга өтүү

Киниктер

Википедия дан

Киниктер (грек. kynos – ит) – Байыркы Грецияда Сократтын окуучулары тарабынан негизделген этикалык мектептин өкүлдөрү.

Киниктердин мектеби афиналык эркин адам менен фракиялык күңдүн уулу, ошон үчүн афиналык мыйзам боюнча мыйзамсыз туулган, укуксуз адам делип эсептелген Антисфен тарабынан негизделген. Энесинин күң экендигин мыскылдаган адамдарга ал кудайлардын энеси да Фракиядан чыккан деп жооп берчү.Сократтын окуучуларынын ичинен ал эң улуусу болгон: сыягы, Антисфен 5-кылымдын ортосунда төрөлүп, Сократ менен таанышканга чейин софист жана ритор болсо керек. Кийин анын окуусунда Сократтан сырткары Протагор, Горгий, Продик, Гиппий сыяктуу улуу софисттердин таасирлери ачык байкалган.

Сократтын өзүнө жана окуусуна таазим кылуу менен, Платондун маалыматы боюнча, Антисфен аны уу ичип өлгөнгө чейин таштаган эмес. Ушундан кийин ал Афины шаарынын чебинин сыртында жайгашкан Киносарг (грек. Kynosarges – шок иттер) деп аталган жана мыйзамсыз төрөлгөн балдарга арналган атайы гимназияны негиздеген.

Антисфен Сократтын логикасын андан ары өнүктүрө алган эмес. Анын пикири боюнча, таанып-билүүнүн, жападан-жалгыз булагы болуп түшүнүктөр же логикалык мыйзам ченемдүүлүктөр эмес, сезип-туюулар гана саналат. Бирок, ал Сократтын этикасын жана моралын өзгөчө нук менен өнүктүрө алган. Киниктердин моралы өтө эле жупуну. Алар Сократтын эч нерседен муктаж болбой жаша деген принцибин ашынган формага айландырып жиберишкен. Антисфен жана анын окуучулары өздөрүн киниктер же циниктер деп атоо менен эч нерседен муктаж болбой жашаган селсаяк иттин жашоосун тандап алышкан. Башка божомолдор боюнча, аларды коом менен эч байланышы жок жана коомго жат жашоо образы (жакырчылык, жалгыз бойлук, кайырчылык кылуу ж. б.) үчүн ит деп аташкан.

Киниктер жакшылык деп материалдуу жыргалчылыктардан, этикалык жана мыйзам нормаларынан, маданияттан көз каранды болбой, эркин жашоону түшүнүшкөн. Акылман өзүнүн табигый зарылдыктарын канааттандыруу менен гана чектелип, таптакыр эле жарды болууга тийиш. Акылсыз өз табиятынан сырткары жашаган нерселерден бакыт табам деп күнөөгө батат, азап тартат. Жакшылык менен күнөөгө карата мындай көз караш дене рахаттарын, материалдуу жыргалчылыктарды, ыңгайлуу шарттарды толугу менен четке кагууга алып келген.
Мисалы: алар атайылап жугунду тамактан ырахат алып, ичишчү, самсаалаган жалгыз чапандан бөлөк кийими болгон эмес, төшөктүн ордуна сыз жерди пайдаланышкан, жакыр жашашкан. Уятсыздык деп ар кандай маданий көз карандылыкты түшүнүшкөн.

Ошондуктан, афиналыктардын сыпаа манераларына өздөрүнүн уятсыздыгы менен айырмаланган сөздөрүн жана кыймыл-аракеттерин атайылап каршы коюшкан. Бирок, Сократ эч нерседен муктаж болбой жаша деп өзгөрмөлүү моданын, пендечилик кызыкчылыктарынын, артык дөөлөттүн керектөөлөрү менен зарылдыктарынан көз каранды болбой жашоону түшүнгөн.

Сократка ылайык, сезимдик рахаттын өзү жакшылык да, жамандык да болуп эсептелбейт, алар этикалык жактан нейтралдуу. Ал эми Антисфен болсо, сезим рахаттарынын баарын жаман деп эсептеп, “сезим рахатын татуудан көрө акылдан айныган артык”, – деген. Ошондуктан, киниктер аяздуу күнү муздак мраморду кучакта, ал эми жайында ысык кумга оонап жат деп кеңеш беришкен. Киниктердин өзгөчө атакка ээ болгон философу болуп синоптук Диоген (так өмүр жылдары анык эмес, б. з. ч. 4-к.) эсептелет.

Киниктердин мектебин Антисфен негиздесе да, анын атагын Диоген чыгарган. Диоген фундаменталдуу философиялык эмгектерди түзгөн эмес, бирок тарыхка өзүнүн күлкүлүү, чыр-чатактуу мүнөзү, ашынган ит турмушу, ошондой эле курч сөздөрү менен калып калган. Маалыматтар боюнча, Диоген Афины полисинин толук кандуу атуулу болгон эмес. Ошондуктан, ал Киносарг мектебинде окуган жана кийин ушул мектептин мугалими болуп калат. Анын ит деген кошумча аты мектептин атына айланган. Анын самсаалаган эски чапаны, жыгач таягы, темир чөйчөгүнөн башка материалдык байлыктары болгон эмес. Адамдардын бардык шарттары түзүлгөн имараттарда жашоосун шылдыңдап, өзү вино куйган челектин ичинде жашаган. Бир жолу кочуштап суу ичип жаткан баланы көрүп, «О, шордуу башым, кереги жок нерсени эмнеге көтөрүп жүрөм. Кичинекей бала жашоого болгон жупуну мамилеси менен менден ашып түштү», – деп, темир чөйчөгүн ыргытып жиберген. Бир жолу ал статуядан кайыр сурап, көпкө турат. Эмне үчүн анттиң деген суроого: «Өзүмдү жокчулукка үйрөтүү үчүн», – деп жооп берген.

Афины шаарынын көрүнгөн жеринде уктап, тамак жеп, коомдук тартипти өзүнүн ыплас сөздөрү, кыймыл-аракети, жүрүм-туруму менен бузуп, аянттардагы элди үркүткөн. Диогендин «Адамды издеп жүрөм», – деген сөздөрү киниктердин ураанына айланган. Уламыш боюнча, Диоген таламандын чак түшүндө колуна чырак жандырып, мойнуна «Адамды издеп жүрөм» деген жазуусу бар тактаны илип алып, Афинынын көчөлөрүн аралап жүргөн. Ал материалдуу жыргалчылыктардан, байлыктан, бийликтен, атак-даңктан, дөөлөттөрдөн, этикалык принциптерден көз каранды болбогон адамды издеген.

Диогендин пикири боюнча адамдар байлык, бийлик, даңкты бакыт деп туура эмес түшүнүшүп, кур кыялдын дүйнөсүндө жашашат. Ал жаратылыш мыйзамдарынан башка бардык мыйзамдарды четке каккан. Адам өзүн өзү таанып-билиши абзел. Ошондуктан, математика, физика, музыка ж. б. илимдердин ага эч кандай кереги жок. Адамды бактылуу кыла турган нерсе болуп эркиндик гана эсептелет. Эркиндикке жетүүнүн каражаты катары ал аскеза (грек. asketes – оор эмгек) түшүнүгүн киргизген.

Аскеза – бул жөн гана философиялык түшүнүк эмес. Аскеза деп турмуштун өйдө-ылдыйына дайым даяр болуп туруу үчүн дене менен рухту машыктыруу. Өздүк каалоолор менен сезимдерди ооздуктоо. Өзүн рахаттар менен кумарларга салкын мамиле кылууга, аларды четке кагууга тарбиялоо түшүнүлөт.

Диоген биринчилерден болуп киниктердин окуусун практикада далилдеген ойчул болгон. Турмуштук идеал, жашоо маңызы болуп автаркия (грек. autarkeia – канагат, шүгүрчүлүк) эсептелет.

Автаркия деп Диоген бири кем дүйнөнүн тынымсыз өзгөрүүлөрүнө кайдыгер мамиле жасап, жандын тынч болушун түшүнгөн. Мындай мааниде Диогендин македондук Александр менен болгон кездешүүсүн мисал келтирүүгө болот. Өзүнө жагалданган философтордун арасынан Диогендин жок экендигине таң калган өкүмдар Македониядан Афиныга карай жол тартат. Бул учурда Диоген Афинынын бир аянтында далысын күнгө кактап олтурган. “Мен македондук өкүмдар Александрмын”, – деп салтанаттуу тааныштырат өзүн падыша. «А мен болсо, дөбөт Диогенмин», – деп ошондой эле салтанаттуулук менен айтылган жооп чыгат. Эмнеге сени дөбөт деп аташат? Ким мага нан ыргытса, ошого шыйпаңдайм, ким ыргытпаса, каап алам, жаман адам болсо тиштейм. «Эмне каалайсың, муктаж болгон нерсең барбы?», «Албетте, нары турчу, сен мага күндү калкалап жатасың». Тең дүйнөнү каратып алган Александрдын белегине жана улуу өкүмдардын өзүнө кайдыгер экендигин билдирген адамдын жообуна таң калган Александр бир аз нары жылып, «Эгер мен Александр болбогонумда Диоген болууну каалар элем», – деп жар салган.

Байыркы мезгилдерде эле киниктердин окуусу даанышмандыкка карата кыска жол деп аталган. Диогендин көрүстөнүнө иттин түспөлүндөгү мрамор эстелик орнотулуп, ага мындай деп жазылган: «Мезгилдин өтүшү менен мрамор да эскирет, бирок, Диоген сенин даңкың кылымдарга калат Анткени, сен пенделерди шүгүрчүлүк кылып жашоого ынандырып, турмуштун эң жөнөкөй жолун көрсөтүп бере алдың». Диогендин окуусуна төмөн-күдөй өзгөчөлүктөр мүнөздүү болгон: Кинизм окуусунун башкы максаты болуп терең философиялык теорияны иштеп чыгуу эмес, коомдон сырткары жакыр, селсаяк турмушта жашоо аркылуу, турмуштун өйдө-ылдыйына практика жүзүндө даяр туруу. Коомго баш ийбей, эркин жашоо. Мителик өмүр сүрүү, кайырчылык кылуу. Материалдуу жыргалчылыктарды, ыңгайлуу шарттарды, мыйзамдарды, этикетти, гигиенаны четке кагуу. Физикалык жана рухий жакырды жар салуу.

Башка философиялык мектептерге, өзгөчө идеалисттик окууларга терс мамиле кылуу. Өз көз караштары менен турмуш образын коргоодогу агрессивдүүлүк. Патриотизмдин жоктугу, каалагандай коомдо ошол коомдун эмес, өздүк мыйзамдар боюнча жашоо («Жамаатсыз, үйсүз, мекенсиз жашоонун артыкчылыгы»). Негизги көңүлдүн коомдогу жана адамдардагы начар сапаттарга бөлүнүшү. Радикализм, парадоксалдуулук, чыр-чатактуулук. Салтуу турмуш образын жактагандарды аеосуз шылдыңдоо. Алгачкы жамааттагы элдер менен айбандардын жашоо турмушун идеалдаштыруу. Киник мектеби антикалык полис кризиске учураган мезгилде пайда болгон жана коомдук мамилелердин официалдуу системасынын татыктуу орун ала албаган адамдар тарабынан кызуу кабыл алынган. Кийин бул мектептин негизинде дервиштердин, хиппи кыймылынын көз караштары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8