Элмира Кайып кызы

Википедия дан
Элмира Кайып кызы
Туулган датасы

4 -январь 1975(1975-01-04)

Туулган жери

Ак-Терек айылы, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

31 -август 2017(2017-08-31) (42 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

фольклор, эстрада, кыргыз улуттук музыкалары, дастан

Активдүү жылдары

19992017

Super.kg: ID 775

Элмира Кайып кызы — 1975-жылы 4-январь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык студияны жана Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган. Алгач Р.Абдыкадыровдун «Ак куулар сени сагынар» деген ыры менен К.Орозов атындагы оркестрдин коштоосунда сахнага чыккан. Эстрадада Шамшыбек Өтөбаевдин «Калды эсимде» деген ыры менен таанылган. Элмира Кайып кызы төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырын ийине жеткире аткарып элдин сүймөнчүгүнө айлана алды. Ырчы акыркы жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр жана бий ансамблинин насаатчысы болуп иштеп жүргөн.[1][2]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2012-жылы Астана шаарында Түрк элдеринин маданияты боюнча иш-чарага катышкандыгы үчүн "Turksoy" уюмунан "Алкыш" алган.
  • 2016-жылы 30-августта "Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу" наамы.
  • 2016-жылы 19-октябрда Чек ара кызматынан II даражадагы "Мыкты чек арачы" төш белгиси.
  • 2017-жылы Жети-Өгүздө өткөн Жапар Чабалдаевдин 85 жылдыгына арналган эл аралык конкурста баш байгени алган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ырчы Элмира Кайып кызы 42 жашында дүйнө салды
  2. Ырчы Элмира Кайып кызы каза болду