Эл өкүлдөр жыйыны

Википедия дан

Эл өкүлдөр жыйыныКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы.
Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-ж 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын талаптарына негизденип, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп, сунуштарды иштеп чыккан. Ага ылайык Жогорку Кеңеш эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын составындагы Мыйзам чыгаруучу жыйын; сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын составындагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 63-статьяда көрсөтүлгөндөй Эл өкүлдөр жыйынынын составына төмөнкүлөр кирет:

  • Мыйзам чыгаруучу жыйын кабыл алган мыйзамдарды Конституцияда белгиленген учурларда жактыруу;
  • республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо;
  • Премьер-министрди дайындоого макулдук берүү; өкмөттүн структурасын жактыруу;
  • Конституциялык соттун төрагасын, анын орун басарын жана жети судьясын шайлоо;
  • Жогорку соттун, Жогорку Арбитраждык соттун төрагаларын жана судьяларын шайлоо;
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун жана Улуттук банктын төрагасын дайындоого макулдук берүү;
  • Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү;
  • өкмөттүн бийлик укуктарын мөөнүтүнөн мурда токтотууга макулдук берүү;
  • Контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын жана анын аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
  • өзгөчө абалды киргизүү; аскердик абалды киргизүү, согуш абалын жарыялоо;
  • бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү өкмөттүн отчетторун угуу; ж. б.

71-статьяга ылайык, Эл өкүлдөр жыйыны Премьер-министрликке сунуш кылынган талапкерлерди үч жолу четке каккандан кийин Президент премьер-министрди дайындайт. Эл өкүлдөр жыйыны таркатат жана шайлоолорду белгилейт. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда айтылган конституциялык кеңешменин иштеп чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.


Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9