Эндоскопия

Википедия дан
Эндоскоп

Эндоскопия — атайын аспаптын (эндоскоптун) жардамы менен ички органдарды изилдөө ыкмасы.
Дарылоо, диагноз коюуда кеңири колдонулат. Эндоскопиянын жардамы менен бронхторду (бронхоскопия), кызыл өңгөчтү (эзофагоскопия), карынды (гастроскопия), жоон ичегини (колоноскопия), табарсыкты (цистоскопия) жана башкалар органдарды кароого болот.

Эндоскоп[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эндоскоп жарык кылуучу жана оптикалык система менен жабдылган түтүктөн турат. Азыркы эндоскоп органдардын ички бетин даана көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле түрдүү дарылоо процедуралар (гистологиялык текшерүү үчүн ичинен материал алуу, бөтөн нерсе же анча чоң эмес шишикти алып салуу, жараны кааруу, майда кан тамырлардан кан агууну токтотуу жана башкалар) жасалат. Бул максатта азыркы эндоскопто лазер нуру колдонулат. Байкалган өзгөрүүлөр сүрөткө жана киного тартылып алынат. Поликлиника менен ооруканаларда эндоскопиялык кабинеттер иштеп, аны адис-врач жүргүзөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8