Энергия агымынын бир багыттуулук мыйзамы

Википедия дан

Энергия агымынын бир багыттуулук мыйзамы — эгерде кандайдыр бир түр кайсы бир аймакта таралса, жана анда орун алса, анда анын особдорунун саны (тагыраак айтканда алардын биомассасы), ушул түр таралган экосистеманын биологиялык бөлүгү аркылуу өтүүчү кубаттын агымынын өлчөмү менен аныкталат.

Организм аркылуу көмүртек , азот жана башка элементтер улам-улам кайталанып колдонулса, ал эми кубат бир гана жолу колдонулат, андан ары жылуулукка өтөт жана экосистема үчүн сарпталат. Бул кубаттын агымынын бир багыттуулугу термодинамиканын мыйзамдары аркылуу аныкталуучу жалпы кубулуш. Кубат бир түрдөн экинчи түргө өтүшү мүмкүн, бирок ар бир мындай айлануусунда анын кандайдыр бир бөлүгү жылуулукка айланып таралат. Өсүмдүктөргө берилүүчү жарык кубатынын аз гана бөлүгү (3 % жакын) фотосинтез аркылуу азык заттарынын потенциалдык кубатына айланат, ал эми калган бөлүгү жылуулук түрүндө сарпталат. Жаныбарлар өсүмдүктү оттогондо кубаттын көпчүлүк бөлүгү жылуулукка айланат жана аз гана бөлүгү жаныбардын протоплазмасынын синтезине сарпталат. Өз кезегинде бул жаныбар башка жаныбардын азыгы болуп калат, анда кайрадан кубаттын жылуулукка айланышы жүрөт. Жаңы протоплазманын пайда болушунда (жана ошону менен бирге азыктануу тизмегинин кийинки звеносу болуп саналуучу жаныбар үчүн оңой олжо) сарпталуучу азыктагы кубаттын пайызы кубаттын берилишинин натыйжалуулугу деп аталат.

Экосистемадагы кубаттын агымы - күн жарыгынан автотрофтук организмдердин (орг. заттардын продуценттери) фотосинтези, чөп оттоочу жаныбардын (биринчилик консументтер, башкача атйканда керектөөчүлөрү) жана жырткычтардын ткандары (экинчилик консументтер) аркылуу экосистеманын ар бир деңгээлиндеги организмдердин санын жана жалпы салменен (биомассасын) аныктайт. Азыктануунун бул иерархиясынын ар бир кезектеги деңгээлдеринде кубаттын агымы анын кайтадан кубулууларында жылуулуктун сарпталышынын натыйжасында абдан азайат жана бул биомассанын ырааттуу азайышына алып келет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4