Энн Хэтэуэй

Википедия дан

Энн Жаклин Хэтэуэй (англ. Anne Jacqueline Hathaway; 1982-жылы 12-ноябрь) - америкалык актриса жана ырчы. Актриса Бруклинде (Нү-Йорк) туулган, Милбернде (Нү-Жерси) чоңоюп өскөн. Апасын тартып Хэтэуэй актриса болуп, мектептин жогорку класстарында окуп жатканда ал "Матрацта болгон окуя" (англ. Once Upon a Mattress) мюзиклинде роль аткарганы үчүн Paper Mill Playhouse Rising Star сыйлыктын "Жогорку класстарда окуган актрисалар арасындагы эң мыкты аткаруу" номинациясына талапкер болгон. Актрисанын чыгармачылык иши Fox телеканалындагы "Өзүңдү табигый түрдө карма" (англ. Get Real, 1999–2000) кыска метраждуу телесериалы менен башталган. Кийинчирээк актриса Мия Термополистин ролун аткарып Disney компаниянын "Канбийкенин күндөлүгү" (англ. The Princess Diaries, 2001) аталышындагы күлкүлүү окуялуу тасмада башкы ролду аткарган, бул ролу үчүн актриса Teen Choice Award сыйлыктын "Күлкүлүү окуялуу тасманын актрисасы" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Хэтэуэй "Николас Никлби" (англ. Nicholas Nickleby, 2002), "Сыйкырдап алынган Элла" (Ella Enchanted, 2004), "Канбийкенин күндөлүгү 2: Аристократтык чөйрө менен таанышуу" (The Princess Diaries 2: Royal Engagement, 2004) жана "Абайла!Кызыл топучан кыз" (Hoodwinked! 2005) сыяктуу тасмаларда роль аткарганы үчүн "балдарга үлгү көрсөткөн актриса" катары кеңири таанымал болгон.

2005-жылдан тартып Хэтэуэй чоңдорго арналган тасмаларда тартыла баштаган, ошентип, актриса "Баш аламан" (англ. Havoc, 2005) тасмада роль аткарганы үчүн DVD Exclusive Award сыйлыктын "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңген, "Тоонун сыры" (англ. Brokeback Mountain, 2005) тасмасы актрисага роль аткаруусу үчүн АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын номинациясын алып келген. Кийинчирээк актриса Мерил Стрип менен бирге "Марка кийген шайтан" (англ. The Devil Wears Prada, 2006) тасмасында тартылып атактуулукка жеткен, ал эми "Жейн Остин" (англ. Becoming Jane, 2007) тасмасында Жейн Остиндин ролун аткарганы үчүн BIFA сыйлыгынын "Эң мыкты аткаруу" номинациясын жеңген. Хэтэуэй "Рэйчел турмушка чыгууда" (англ. Rachel Getting Married, 2008) тасмада баңгизатка көз каранды болгон адамдын ролун аткарганы үчүн Critics' Choice Movie Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын уткан жана "Оскар", "Алтын глобус ", АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгы жана Indie Spirit Awards сыяктуу сыйлыктардын "Эң мыкты актриса/башкы актриса" номинацияларынын талапкери болгон. Актриса "Болочок келиндердин согушу" (англ. Bride Wars, 2009) тасмада роль аткарып экинчи жолу Teen Choice Award сыйлыгынын "Күлкүлүү окуялуу тасманын актрисасы" номинациясын жеңип алган. 2010-жылы Хэтэуэй "Сүйүү күнү" (англ. Valentine's Day), "Алиса керемет дүйнөдө" (англ. Alice in Wonderland) жана "Сүйүү жана башка чаралар" (англ. Love & Other Drugs) сыяктуу тасмаларда тартылган, акыркысына актриса "Спутник" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясына ээ болгон жана "Алтын глобус " сыйлыктын "Эң мыкты актриса" (Күлкүлүү окуялуу тасма же мюзикл) номинациясынын талепкери болгон.

2011-жылы Хэтэуэй "Рио" (англ. Rio) анимациялык тасмада Жуэлдин үнүн коштогон жана ошол эле жылы Жеймс Франко менен кошо прайм-тайм "Эмми" сыйлыктын "Көрүнүктүү атайын программа" номинациянын талапкери болгон 83чү "Оскар" сыйлык тапшыруу аземинин алпаруучусу болгон. 2012-жылы актриса Кристофер Ноландын "Кара рыцарь: Кайрадан жаралуу" (англ. The Dark Knight Rises) тасмасында Селина Кайлдин ролун аткарганына "Сатурн" сыйлыгынын "Арка пландагы эң мыкты актриса" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ошол эле жылы актриса Том Хупердин "Жардылар" (англ. Les Misérables) тасмасында Фантинанын ролун аткарган, ошону менен ал дүйнөлүк атактуулукка жетип "Оскар", "Алтын глобус ", BAFTA жана SAG сыйлыктардын "Арка пландагы эң мыкты актриса" номинациялардын жеңүүчүсү болгон. Ошондон бери актриса "Рио 2" (англ. Rio 2, 2014), "Интерстеллар" (англ. Interstellar, 2014), "Үйрөнчүк" (англ. The Intern, 2015) тасмаларда ойноп, "Алиса күзгүлөр аркасында" (англ. Alice Through the Looking Glass, 2016) тасмада Ак Королеванын ролун аткарган.

People журналы Хэтэуэйди "2001-жылдын ири ачылыш жылдызы" деп тапкан. 2006-жылы актриса "Дүйнөдөгү эң сулуу 50 инсан" тизмесине кирген.Төрт был бою кыймылсыз мүлк тармагында иштеген Рафаэлло Фольери менен бирге жүрүп айрылган соң, Хэтэуэй 2012-жылы Адам Шульманга турмушка чыгып, 2016-жылдын март айында экөө уулду болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]