Эпидермофития

Википедия дан

Эпидермофитиятеринин эпидермофитон мите козу карындары пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Козгогуч түшкөн жерине жараша бут кетменинин, кол чеңгелинин жана тери бүктөөлөрүнүн (чурай, колтук, эмчек асты) эпидермофитиясын пайда кылат. Чурай эпидермофитиясы менен көбүнчө эркектер оорушат.

Бут кетменинин эпидермофитиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бут кетменинин эпидермофитиясы мончодо, бассейнде иштеген, түшкөн кишилерде, спортсмендерде (сууда сүзүүчүлөрдө) көбүрөөк болот. Эпидермофития адамга оору кишинин байпагын, кепичин жана башкалар бут кийимин кийгенде жугат. Мите козу карындар ар дайым кишинин терисинде жашап, оору козгобошу да мүмкүн. Алар ыңгайлуу шарт түзүлгөндө гана адамды ооруга чалдыктырат. Эпидермофития көбүнчө жайкысын кармайт. Кээде бүт үй-бүлө оорушу мүмкүн. Буттун манжаларынын эпидермофитиясында териси да, тырмактары да жабыркайт. Мында тери карттанып, 3-, 4-, 5-манжалардын ортосу ылжырап эзилип, исиркектенип кетет. Суюктукка толгон исиркектер жайылып, жарылат, тери кызарып, ысып, аябай кычышат. Тырмактар калыңданып, киргил, саргыч таргыл тилкелер пайда болуп, четинен үбөлөнүп түшө баштайт. Эпидермофития ырбап кеткенде адамдын эти ысып, алсырайт.

Колдун эпидермофитиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдун эпидермофитиясы теринин башка бөлүктөрүнүн эпидермофитиясы (руброфития) жогорудагыдай башталат. Дарыланбаса бүт денеге, бетке чейин тарап, кабылдап кетет. Бул учурда аллергия пайда болуп, экземага окшоп турат. Кол-буттун эпидермофитиясы маникюр (тырмак тазалаган) жана педикюр жасаган аспаптарды дезинфекциялабаса да жугуп калышы мүмкүн. Чурай эпидермофитиясында тери бүктөөлөрүндө көбүнчө чаттын, колтуктун жана эмчектин асты жабыркайт. Мите козу карындар митечилик кылган жерде кочкул кызыл тактар пайда болуп, аябай кычышат. Анын орто жери агыш тартып, чоңоюп, бири-бирине кошулат. Оору ич кийим, сүлгү, жалаяк, күлтүк аркылуу жугат. Оорунун алгачкы белгиси билинери менен сөзсүз врачка кайрылуу зарыл. Себеби өз бетинче дарыланган учурда эпидермофития ырбап кабылдап кетиши ыктымал.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун алдын алуу үчүн бөтөн кишинин байпагын, бут кийимин, ич кийимин кийүүгө, мочалка, сүлгү, жалаягын жана башкалар буюмдарын пайдаланууга болбойт. Мончого же бассейнге түшкөндө резинадан же пластмассадан жасалган бут кийим кийүү сунуш кылынат. Терчил адамдар денесин таза кармап, ич кийимин, байпагын тез которуп, тердебөө чарасын көрүү талапка ылайык. Мончо, бассейн, душтарды жана андагы буюмдарды, ошондой эле тырмак тазалоочу аспаптарды таза жууп, дезинфекциялоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8