Эпикалык циклдештирүү

Википедия дан

Эпикалык циклдештирүү — ар түрдүү темадагы эпикалык окуялардын бир борборго же бир каарманга байланыштырып тизмектелиши. "Манастын" азыркы классикалык абалга жетишинде өтө узак жана татаал эволюциялык процесс болгон Э. ц-нүн ролу зор.

Эпостун Э. ц. маселесин эпикалык окуялардын механикалык түрдө бириктирилген жыйындысы катары эмес, кыргыз элинин тарыхынын белгилүү бир кырдаалында, ошол учурдагы негизги идеологиялык талапка ылайык турмуштук тарыхый зарылдык келип чыккан закон ченемдүү кубулуш катары кароо керек. Фольклор изилдөөчү В. Я. Владимирцов "Манас" менен "Жангар" эпостору өнүгүүнүн бирдей баскычтарынан өтүп, бир канча поэмалардын эпикалык циклдешүүсүнүн натыйжасында түзүлгөнүн белгилеп, мындай татаал түзүлүштөгү эпопеялардын жаралышына ошол доордогу баскынчылык согуштардын күчөшү, элдин саясий биримдигинин, аң-сезиминин өнүгүшү сыяктуу тарыхый факторлор менен шартталгандыгын көрсөтөт. "Манас" эпосунун окуяларынын Э. ц. принцибинде бир каармандын айланасына топтоштурула башталышы да кыргыз элинин тарыхындагы конкреттүү учурдагы коомдук башкы идеология менен жалпы элдик бир борборлоштурулган бийликке умтулуу идеясынын көркөм туюндурулушу менен байланышат; башкача айтканда Э. ц. бул биригүү идеясынын туюндурулушунун көркөм формасы. Баатырдык эпостор алгачкы абалында типтеш поэтикалык схемадан башталган өмүр баяндык мүнөздөгү баяндама болуп эсептелгени менен Э. ц. процессинде ар бир эпос өзүнчө жаңы эпизоддор, жаңы окуялар менен толукталып ошого жараша кеңейип жүрүп олтурат. Эпикалык чыгармалар өнүгүү жолунда жөнөкөйдөн татаалга өтөт, башкача айтканда жомоктук-мифтик эпостон тарыхый-баатырдык эпоско айланат. Ушундан улам эпостор өнүгүшүнүн улам кийинки баскычтарында реалдуу турмуш чындыгы көбүрөөк чагылдырылат да, көөнө үлгүдөгү баатырдык жомоктордон айырмаланып, тарыхый эпостордо турмуштук көрүнүштөрдүн бири болгон трагедиялуулукка жол берилет. Буга "Манастын" Алымсарык, Кулансарык жөнүндөгү эң акыркы бөлүмдөрү күбө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4