Эрин гүлдүүлөр тукуму

Википедия дан
Mentha spicata.

Эрин гүлдүүлөр тукуму (лат. Labiatae же Lamiaceae) – эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүк тукуму. Бир, эки көп жылдык чөп, лиана, чала бадал, бадал, чанда анча бийик эмес дарак. Сабагы төрт кырдуу, жөнөкөй, жээги тегиз же ичке тишчелүү же тоголок жарым айчыктуу, сабакка тушташ же шакектеп жайгашкан. Гүлү жалгыздан же калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Гүлү көпчүлүгүнүкү эки жыныстуу, туура эмес түзүлүштүү. Чөйчөкчөсү менен желекчеси түтүкчөдөй. Жээги беш бөлүктүү, эки бөлүгү ирирээк (чоңураак), үч бөлүгү кичирээк, ошондуктан алар эки эриндүү. Аталыгы 4 же 2, энелиги бирөө, 4 бөлүктүү үстүңкү мөмөлүктүү. Мөмөсү – 4 бөлүктүү жаңгакча. Э.г.-дүн 200 уруусунун 3500 ашуун түрү жер жүзүнүн суук материгинен башка бөлүктөрүнүн баарында таралган.

Кыргызстанда 62 уруунун 160 ашуун түрү өрөөндөн тартып бийик тоодогу чала чөлдө, кургак жана нымдуу боздоңдо, бадалдуу, токойлуу жерде, өзөндү бойлой, аңызда, жол боюнда, айдоо четинде, шалбаада жана башка жерлерде өсөт. Э.г-дүн көпчүлүгү эфир, техникалык майларды алуу үчүн, парфюмерия өнөр жайында, медицинада, тамак-ашка татымал катары кеңири пайдаланылат. Көбү балдуу өсүмдүктөр, кооздук үчүн гүлзарда да өстүрүлөт. Эл арасында көкөмерен, аркароту, көк чайчөп дарылыкка кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]