Эркектин репродуктивдик тутуму

Википедия дан
Файл:Male anatomy number.svg
Эркектин жыныс органдары:
1 — табарсык;
2 — чурай сөөк;
3 — жыныс мүчө;
4 — уюктуу денечелер;
5 — жыныс мүчөнүн башы;
6 — каса;
7 — сийдик чыгуучу түтүктүн сырткы тешиги;
8 — жоон ичегинин бир бөлүгү;
9 — түз ичеги;
10 — урук исиркеги;
11 — урук чубуртуучу түтүкчөлөр;
12 — простата бези;
13 — купер бези;
14 — арткы тешик/анус;
15 — урук-без танабы;
16 — эн кыпчыкейи;
17 — урук (эн) бези;
18 — куулук

Эркектин репродуктивдик тутуму — эркектин көбөйүү функцияга катышуучу жыныс мүчөлөрү.

Алар ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жыныс органдары жыныс гормондорун бөлүп чыгарат. Ал гормондор түздөн-түз канга өтүп, организмдеги эң маанилүү процесстерди башкарып, эркектерге таандык болгон жыныстык экинчи белгилердин өсүшүн жөнгө салат. Эркектин жыныс органдарына эн бези, урук агуучу жолдор, урук ыйлаакчасы, простата бези, жыныс мүчөсү, заара чыгаруучу жол кирет. Эн бези тирүү жыныс клеткалары - сперматозоидди жана эркек жыныс гормонун бөлүп чыгаруучу жуп жыныс бези. Эн бези түйүлдүк кезде ич көндөйүндө, 2-бел омурткасынын тушунда пайда болот. Төрөлгөндө туруктуу орду - калтага түшөт. Простата бези эркектин зара чыгаруучу каналын курчап турат. Анын бездүү бөлүгү секрет иштеп чыгарат. Секрет спермага кошулуп анын активдүүлүгүн сактоого жардам берет. Простатанын булчуң бөлүгү заара чыгаруучу жолдогу сперма менен зааранын ырааттуу агуусун жөнгө салат, натыйжада заара менен сперма аралашпайт. Эркектин жыныс мүчөсү жыныстык катнашуу учурунда урукту бөлүп жана табарсыктан заараны чыгаруу кызматын аткарат.

Табарсык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Табарсык

Табарсык — бөйрөктөн келген заараны топтоп чыгаруучу булчуңдуу көңдөй орган. Ал чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жеринин артында, кичине жамбаш көңдөйүнөн орун алган. 50 жаштан кийин чаткаяк булчуңдары бошогон соң, андан да төмөндөйт. Табарсыктын сыйымдуулугу орто эсеп менен 500—700 мл. Табарсык бош учурунда кичине жамбаш көңдөйүндө болуп, алды жагынан чаткаяк сөөктөрүнүн биригишкен жерине, ал эми арт жагынан аялдарда жатынга, эркектерде урук ыйлаакчасы менен көтөн чучукка тийип турат. Табарсыктын ички бети былжырлуу чел, сырты жылмакай чел кабыкча менен капталган. Бул эки кабыкчанын ортосунда табарсыктын булчуң катмары бар. Ал өз кезегинде үч катмардан турат. Анын сырткы жана ички катмары узатасынан кеткен булчуң талчаларынан турса, ортосундагы булчуң тарамдары кыйгачынан жатат.

Эркек адамдын табарсыгы

Ар кандай багытта жайгашкан булчуңдар жыйрылганда анын көлөмү кичирейип, заара сыртка чыгууга мүмкүндүк түзүлөт. Табарсыктын булчуң катмары жакшы өөрчүп, ал заара чыгаруучу түтүктүн ички тешикчесин курчап кысып турат да, зааранын топтолуусуна, ошондой эле мезгили менен сыртка чыгарып турууга көмөктөшөт. Табарсыктын былжыр чели инфекцияны өтө сезгич келет. Аялдардын заара чыгаруучу түтүгү кыска болгондуктан, жыныс органдарынын сезгенүү оорусунда инфекция табарсыкка түшүп, аны сезгентет.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • «Кыргызстан — Сорос» фонду. А.А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү, 1998.-296-б, ISBN 9967-11-027-9
  • «Биолог» Н.С.Алдаяров, Г.Т. Курманбекова, К.Б. Чекиров. Адамдын анатомиясы (атлас). 2011.107-б