Эркечтам

Википедия дан

Эркечтам – Алайдагы (Ош уезди) чегарачылар турган чеп. 1885-жылы Кызылсуунун боюна курулган. Эркечтам Чыгыш Түркстандан Ферганага кеткен жолдо жайгашкандыктан, Кербендерди текшерүүчү бажыкана катары да милдет аткарган. 1886-жылдан Алай болушунун ордосу болгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.