Эрматов Таштан

Википедия дан

Эрматов, Таштан (1928, Сузак району, Ак-Баш айылы) — кыргыз композитору. Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери. 1934 жылдан Каракол шаарында балдар үйүндө тарбияланган. 1944-жылдан Кыргыз филармониясынын хордо ырдоону үйрөткөн студияда жана М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында контрабастан, музыкалык теориядан сабак алган. Москва консерваториясынын улуттук студиясын бүтүргөн (1953). Бир нече кинофильмдердин, анын ичинде "Улуу эпос" илимий-популярдуу фильминин да музыкасын жазган. Силер качан олгон деп ойлойсунар

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4