Эрос
Эрос – грек мифологиясында, поэзиясында – сүйүүнүн, ашыктыктын кудайы.
Платондун философиясында («Пир» ж-а «Федра» диалогдору) Э. мотиви абсолют б-ча ностальгия катары эске түшүрүү – анамнезис теориясы м-н чырмалышып турат. Э. сулуулукка бой тартып турат, бирок мунун негизинде аны өңү серт, түрү суук деп айтууга болбойт. Э.-кудай эмес, демон, башкача айтканда адам м-н кудайдын, сулуулук м-н көрксүздүн, адалдык м-н арамдыктын, акылмандык м-н наадандыктын ортосундагы нерсе. Так ошол «орточулдугунун» натыйжасында Э. асман дүйнөсү м-н жер дүйнөсүн бириктирип турган тогоонун милдетин аткарат ж-а асман дүйнөсүнө чыгуунун каражаты болуп кызмат кылат. Метафизикалык (кол жеткис) чындык Платондун философиясында ашыктыктын эстетикалык объектиси катары көрүнөт, ал эми Э. болсо философиялык ой жүгүртүүнүн метаформасы сымал кабылданат. Эллинисттик философия школаларында Э. коркунучтуу «кумар» (патос) деңгээлине түшүрүлөт, төмөн-дөтүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8