Эр Табылды

Википедия дан

Эр Табылды - көп варианттуу, эл ара-сында кеңири таралган баатырдык эпос. Актан Тыныбеков, Ы.Дыйканбай уулу, Ж. Жамгырчиевдин варианттары белгилүү. Чыгарма Орто Азия жана Казакстанга калмак кандары жортуул жасаган 15–18-кылымдардагы тарыхый окуяларга негизделген. Бирок кийинки кылымдардагы чыгармага өз белгилерин калтырган. Эгерде «Манас», «Курманбек» эпосторунда согуш уланып, кек алуу маселеси көтөрүлсө, «Эр Табылдыда» окуя эки элдин кыз алышып, кыз беришип туугандашуусу м-н аяктайт. Эпостун башкы каарманы – Табылды, ал аркылуу элдик баатырдын образы түзүлгөн. Чыгарма элдин көз-карандысыздык, эркиндик идеясын даңазалайт.[1]

Кудайназардын чыкынчылыгы ату чыгармасы

  1. А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5