Эсенбек Дүйшеев

Википедия дан

Дүйшеев Эсенбек [1941-ж. т., Бакай-Ата району, Калинин айылы (азыркы Ынтымак)] — партиялык жана мамлекеттик ишмер.

1963-ж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн.
1963—66-жылдары Бакай-Ата районундагы Калинин атындагы колхоздо айыл чарба машиналары боюнча механик, башкы инженер, 1966—75-ж. Кыргыз айыл чарба техникасынын адегенде Өзгөн, андан кийин Талас райондук бирикмесинин башкаруучусу.
1975—79-ж. Кыргыз ССРинин айыл чарба министрлигинин айыл чарбасын механикалаштыруу жана электрлештирүү Башкы башкармалыгынын башчысы, 1979-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасынын айыл чарба, суу чарба, даярдоо жана суу чарба курулушу бөлүмүнүн башчысы, 1980—85-ж. Ысык-Көл райондук партия комитетинин 1-катчысы, 1985-жылдан Кыргызстан КП Талас облустук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан Кыргыз ССР мамлекеттик агро-өнөр жай комитетинин төрагасынын 1-орун басары-министр, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын чет элдик жардамдар боюнча Өкмөттүк комиссиянын терагасы.

1985—92-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]