Эсил

Википедия дан

Эсил"Манас" эпосундагы топоним. 14 жашка толгон бала баатыр Манас теңтуштары менен салбырынга Э-дин башы Боз-Дөбөгө барат (Сагымбай Орозбаков, 1. 216). Алмамбет баатыр Көкчөдө турган кезинде Алтайлык тыргоот калмактардын "Эсил менен Жалбыска" (Сагымбай Орозбаков, 2. 236) жайылган жылкысын тийип алып казактарды байытат. Айтылып жаткан Э. Жунгария менен Моңгол Алтайындагы жайлоолордун бири болу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4