Этиология

Википедия дан

Этиология (грек. αἰτία — себеп жана λόγος — илим) — оорунун, дарттын себеби; медицинанын патологиялык процессти (пайда болуу себептерин, шартын) изилдөөчү бөлүгү.

Факторлору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этиологиянын сырткы (экзогендик) жана ички (эндогендик) факторлору болот. Сырткы факторго жугуштуу оорулардын козгогучтары (патогендүү микробдор, вирустар, гельминттер, рикетсиялар жана башкалар), ошондой эле кишини ооруга чалдыктырган түрдүү физикалык (атмосфера басымынын өзгөрүшү, күндүн же башка нур энергиясынын терс таасири жана башкалар), химиялык (түрдүү уулар, зыяндуу химиялык заттар жана башкалар) агенттер кирет. Экзогендик факторлорго авитаминоз, психикалык травма, чарчоо, алсыздануу жана кээ бир социалдык абалдар да кошулат. Эндогендик факторлорго киши организминдеги тубаса кемтиктер, тукум куума оорулар кирет. Кээ бир оорулардын этиологиясы азырынча белгисиз (рак, атеросклероз жана башкалар). Этиологияны эрте далилдөөнүн, табуунун практикалык мааниси зор. Себеби ооруну өз убагында туура дарылоого болот. Ошондой эле этиологиясы белгилүү ооруларды алдын алуу жеңил.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8