Эфир майлары

Википедия дан

Эфир майлары - өсүмдүктөрдөн алынуучу, суюк органикалык заттардын аралашмасы.

Алар өсүмдүктөргө мүнөздүү жыт берип, бат бууланат. Кадимки температурада Эфир майлары - тунук, жеңил, кыймылдуу же коюу, түссүз же сары, жашыл, күрөң түстөгү суюктуктар. Көпчүлүк учурларда Эфир майларынын курамы спирттер менен татаал эфирлердин аралашмасынан турат.

Эфир майлары спиртте, петролей эфиринде, бензолдо ж. б. эриткичтерде, өсүмдүк жана жаныбар майларында жакшы эрийт. Алар жарыктын таасиринен абада тез кычкылданып, чайырларды пайда кылып, өздөрүнүн жытын өзгөртөт. Эфир майларынан миңге жакын органикалык бирикмелер бөлүнүп алынган. Алардын составында каныккан жана каныкпаган алифаттык углеводороддор, ароматтык бирикмелер, терпендер, моно-, бициклдүү углеводороддор жана алардан алынган кычкылтектуу, гетероциклдуу бирикмелер болот.

Эфир майлары негизинен парфюмерия жана косметика каражаттарын даярдоодо, кээ бирлери медицинада колдонулат, мисалы, жалбыздан бөлүнүп алынган мептолдон валидол даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.