Эчки-Өлбөс

Википедия дан

Эчки-Өлбөс"Манас" эпосундагы топоним. Манасты дарылап, Суусамыр бойлоп келе жаткан Каныкей басып өткөн тоо (Курама вариант, 1. 281). Текес кан жигиттерин жоонун келер жолун карап келүү үчүн Э.-Ө-түн тоосуна чалгынга жиберет (Сагымбай Орозбаков, 2. 35). Молто, Алооке баш болгон кара кытай баскынчылары Жакыпты кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга айдаганда, алар Э.-Ө-тү ашып өтүшөт (Саякбай Каралаев, 1. 36).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4