Эшекарт тоосу

Википедия дан

Эшекарт тоосу - Борбордук Теңир-Тоодо, Акшыйрак тоо тоомунун чыгышында, Үчкөл ж-а Акшыйрак (Сарыжаздын оң куймалары) сууларынын аралыгында жайгашкан.

Кеңдик боюнча 50 кмге созулат. Жети-Өгүз р-нун аймагында. Орт. бийикт. 4200 м, эң бийик жери 4384 м. Тоо ортосун карай бийиктейт. Кыры батышында тик чокулуу, борб. ж-а чыгыш бөлүгү тайпагыраак келип, байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Тоо капталдары майда кокту-колоттуу. Тоонун түш.-батыш капталы жазыраак келип, бир аз жантайыңкы. Негизинен девон м-н карбондун алевролит, сланец, конгломерат, кумдук, мергель, мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ тектеринен туруп, кеңдик багытында жанаша кеткен тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Түн. капталына чөл ж-а талаа (3400 м бийиктикке чейин), субальп, альп шалбаалуу талаа (3400–3800 м), түштүгүнө чөл ж-а жарым чөл (2900 мге чейин), андан жогору субальп, альп талаа нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2