Мазмунга өтүү

Эшкожо уулу Жаңгарач

Википедия дан

ЖаңгарачXIX кылымдын 40-60-жылдарында ошол замандын өктөм талаптарына жараша эл башкарып, кыргыздын дасыккан акылман жол башчыларынын бири катары калайыкка аттын кашкасындай таанылган. Ал болжолу 1801-1802-жылдарда туулуп, 1864-жылы 63 жаш курагында көз жумган. Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча Жаңгарач Ормон хандан 10 жаш кичүү болгон. Анын ата-бабалары Талкан бий, Кошой бий, Жамансарт бий ХVII-ХVII кылымдарда калмак чапкынынан бери карай кыргыздын эгемендиги теңдиги үчүн кыл чайнаган чечкиндүү күрөштөрдө жол башчылар болгон. Жангарачтын бүткүл коомдук-саясий ишмердигине көрүнүп тургандай алар кырдаалга жараша кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгына ылайык көз караштарын өз убагында өзгөртө алган. Кыргызстанга көз арткан өлкөлөрдүн баардыгына: Кокон хандыгына, казактын хан султандарына, Цин империясына, Россия мамлекетине карата мамилелеринде да алардын ар дайым кыргыз элинин келечегин ойлоп, ан үчүн кам көрүшкөнү көпчүлүк учурда туура чечим кабыл алып турушканы даана байкалат. Жаңгарачтын кылган эмгектери зор экени байкалып турат. Жаңгарач бийдин да баскынчы хандын үстүнөн жалпы кыргыздын жеңишке жетишүүсүндө эмгеги зор. Жаңгарачтын коомдук-саясий ишмердигинин кийинки этабы ХIХ кылымдын 40-жылдарынын аягы 60-жылдардын орто ченинде туура келет. Бул мезгилдеги алардын иш-аракеттерине да жалпы жонунан окшоштук мүнөздүү. Белгилей кете турган нерсе Кокон хандыгы дагы каалаган максатына жетиш үчүн биринчи кезекте Пишпек чебине жакын жашаган кыргыз уруу бирикмелеринин жол башчылары Жаңгарач сыяктуу кадыр барктуу манаптарды өз тарабына имерүүгө умтулган. Жаңгарачтын Батыш Сибирдеги орус бийлиги менен мамиле түзө баштоосу XIX кылымдын 40-жылдарына туура келет. Ошол жылдары 1847-1848-жылдары Жаңгарач орус аскер адамдары менен маиле түзүүдө Жантайдын оюу менен болгон. Жаңгарач жалпы кыргыздын биримдигин чыңдоого көп күч жумшаган.

  • Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (ХIХ к.ортосу-ХХ к.башы)- Б., 2003.