Юсупов Фуркат Абдулахатович

Википедия дан
Юсупов Фуркат Абдулахатович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Юсупов Фуркат Абдулахатович
Туулган жылы: 1966-жылы 16-май
Туулган жери:
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Медицина, Медицина илимдери
Иштеген жери: ОшМУ, Медицина факультети, неврология, психиатрия жана нейрохирургия кафедрасынын башчысы. Илимий даражасы  :медицина илимдеринин доктору, профессор
Илимий наамы: профессор

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юсупов Фуркат Абдулахатович 1966-жылы 16-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында туулган - медицина илимдин доктору (2006), профессор. Кыргыз Мамлекеттик медицина институн бүтүргөн. Бир канча сертификаттардын ээси, 50дөн ашык илимий эмгектин автору, азыркы учурда Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин неврология, психиатрия жана нейрохирургия кафедрасынын башчысы.

Эмгек тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Мамлекеттик медицина институнун нерв оорулар кафедрасында клиникалык ординатор (1989-91) жана Борбордук ИИИнин лабораториясында кенже, улук илимий кызматкер (1991-97). 1997-жылдан КММАнын Ош филиалында кафедра башчысы. 1997-жылдан тартып, азыркы учурда Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин неврология, психиатрия жана нейрохирургия кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенүүдө.

Диссертациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

50дөн ашык илимий эмгеги, а. и. 1 монография 1 рационалдык сунуш, 1 ойлоп табуу, 7 методикалык колдонмолору бар.

  • Медицина илимдеринин кандидаты: неврология боюнча адис. Эмгеги "К возможности лечения больных с острыми нарушениями мозгового кровообращения на догоспитальном этапе" 1997.
  • Медицина илимдеринин доктору: неврология боюнча адис. Эмгеги "В-клеточная активация при СКВ и РА с поражением нервной системы" 2005.

Окутуучунун жетекчилиги астында жакталган диссертациялар:

  1. Грошев С.А. - медицина илимдеринин кандидаты: неврология боюнча адис "Клинико-иммунологические особенности неврологических проявлений ревматоидного артрита" 2009

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4