Якобсон органы

Википедия дан

Якобсон органы (Л.Якобсондун атынан), вомероназалдык же көнчөк-мурун органы (organum vomeronasale) - жер үстүндө жашоочу омурткалуулардын жыт сездиргич органдын бөлүгү. Жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сүт эмүүчүлөрдүн көпчүлүк түрүндө кездешет. Крокодилдер менен канаттууларда Я. о. болбойт. Кургактагы омурткалуулардын бардыгында Я. о. эмбрионалдык мезгилинде гана болот. Анын функциясы – тамактын жытын билүү, ал эми сүт эмүүчүлөрдө - жыныстык феромондорду кабыл алууга жарайт. Сүт эмүүчүлөрдүн Я. о. жуптуу, мурун тосмосунун түбүндө 2 ичке түтүкчө түрүндө жатат, анын алдыңкы учу таңдай-мурун каналга же мурун көңдөйүнө ачылат. Я. о-нын ичи сезгич эпителиялар менен капталган, рецептордук клеткалардын ак сондору жыт сездиргич нервдин бутагын пайда кылат. Жерде-сууда жашоочулар жана рептилияларда Я. о. хоаналардын ортосунда жайгашкан, ал тую функцияны аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]