Мазмунга өтүү

Якуб Колас

Википедия дан
Якуб Колас
.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Константин Михайлович Мицкевич (беларусча: Канстанцін Міхайлавіч Міцкевіч)
Адабий ысымы: Якуб Колас
Туулган мезгили: 1882-жыл, Жетинин айынын (ноябрдын) 3ү.
Туулган жери: мурдагы падышалык Орусиянын Минск губерниясына караштуу Акинчицы кыштагы (азыркы Беларус жумуриятындагы Минск облусунун Столбцы жергеси
Өлгөн мезгили: 1956-жыл, Баш оона айынын (августтун) 13ү.
Өлгөн жери: Минск шаары, Беларус, СССР
Өлкө:
СССР желеги
Советтер Биримдиги (мурдагы падышалык Орусия),
Беларус желеги
Беларус
Кесиби: жазуучу, акын
Жанры: ыр, поэма, проза
Тили: Беларус тили
Сыйлыктары: Сталиндик сыйлыктын ээси (1946, 1949), Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Биринчи даражадагы «Атамекендик согуштун партизаны» медалы

Якуб Колас (өзүнүн чыныгы аты Константин Михайлович Мицкевич (беларусча: Канстанцін Міхайлавіч Міцкевіч); 1882-жыл1956-жыл) — беларус акыны, прозачы жазуучусу жана публицисти.

Беларус адабиятынын классиги. Беларус Эл акыны (1926-жыл). Беларус ИАсынын академиги (1928-жыл). СССР Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү (1934-жыл). Сталиндик сыйлыктын лауреаты (1946-жыл). Беларус ССР илимине эмгек сиңирген ишмер (1944-жыл).

Кыскача өмүр таржымакалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Константин Михайлович Мицкевич (адабий аты «Якуб Колас») 1882-жылы Жетинин айынын (ноябрдын) 3үндө мурдагы падышалык Орусиянын Минск губерниясына караштуу Акинчицы кыштагында (азыркы Беларус жумуриятындагы Минск облусунун Столбцы жергесинде токойчу Михась Мицкевичтин үй-бүлөсүндө туулган.

Беларуста элдик мектепти бүтүргөн соң, 1902-жылы Несвиж мугалимдер семинариясын аяктаган.

1906-жылы беларус тилиндеги «Биздин тагдыр» («Наша доля») гезитине «Туулган аймагым» («Край родимый») деген ыры жарыяланган.

Мугалимдердин уруксатсыз курултайына катышканы үчүн Минск абагында (1908-1911) отуруп чыккан.

1912-14-жылдары Пинск жергесинде мугалимдик кылат.

1915-жылы үй-бүлөсү менен Маскөө алдына көчүп, Дмитровск үйөзүндө жашайт.

Ошол эле жылы падышалык Орусиянын аскерине алынат. 1918-жылы аскерден кайтып, Курск губерниясында Обоянь шаарында байырлайт.

1921-жылы Минск шаарына көчүп келет.

Чыгармачыл иш менен алектенет.

Академиялык «Орус-беларус сөздүгүнүн» (1953-жыл) редакторлорунун бири болгон.

1928-жылы Беларус Иасынын академиги, 1929-жылдан – анын вице-президенти болгон.

Беларус совет Кеңешине депутат (1938-1956) жана СССР Жогорку Кеңешине (1946-1956) депутат болуп шайланган.

1956-жылы 13-августта дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Минск шаарындагы Аскердик көрүстөнгө коюлган.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
СССР учурунда чыккан почтоо маркасы, 1957-жыл
Беларус Улуттук Банкы чыгарган тыйын акча, 2002-жыл

Октябр төңкөрүшүнө чейин «Эрксиз маалдын ырлары» (1908-жыл), «Кайгы-муң ырлары» (1910-жыл) жыйнактарын, бир катар аңгемелерди жарыялаган.

Совет доорунда «Жаңы Жер» поэмасын (1923), беларус дыйканынын рухун чагылдырган бир катар повесттерди жарыялаган.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Поэзия, проза, публицистика

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кайгы-муң ырлары” (беларусча: «Песьні-жальбы»), (1910-жыл, Вильня)
  • (беларусча: «Апавяданьні») (1912, Вильня)
  • (беларусча: «Родныя зьявы») (1914, Вильня)
  • (беларусча: «Тоўстае палена») (1913, Санкт-Петербург)
  • (беларусча: «Нёманаў дар») (1913, Санкт-Петербург)
  • (беларусча: «Прапаў чалавек. Паслушная жонка. Грушы сапяжанкі»), (1913, Санкт-Петербург)
  • (беларусча: «Батрак. Як Юрка збагацеў»), (1913, Санкт-Петербург)
  • (беларусча: «Казкі жыцьця»), (1921, Ковно)
  • (беларусча: «Водгульле»), (1922)
  • (беларусча: «Новая зямля»), (1923)
  • (беларусча: «У палескай глушы»), (1923)
  • (беларусча: «Крок за крокам»), (1925)
  • (беларусча: «На рубяжы»), (1925)
  • (беларусча: «Першыя крокі»), (1925)
  • (беларусча: «У ціхай вадзе»), (1925)
  • (беларусча: «Сымон-музыка»), (1925)
  • (беларусча: «На прасторах жыцьця»), (1926)
  • (беларусча: «У глыбі Палесься»), (1927)
  • (беларусча: «Адшчапенец»), (1932)
  • (беларусча: «Дрыгва»), (1934)
  • (беларусча: «Нашы дні»), (1937)
  • (беларусча: «Адпомсьцім»), (1942)
  • (беларусча: «Голас зямлі»), (1943)
  • (беларусча: «Суд у лесе»), (1943)
  • (беларусча: «Адплата»), (1946)
  • (беларусча: «Мой дом»), (1946)
  • (беларусча: «Рыбакова хата»), (1947)
  • (беларусча: «На ростанях»), (1955
  • (беларусча: «Жыве між нас геній»), (1952)
  • (беларусча: «Публіцыстычныя й крытычныя артыкулы»), (1957)

Балдар үчүн чыгармалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • (беларусча: «Міхасёвы прыгоды»), (1935)
  • (беларусча: «Рак-вусач»), (1938)
  • (беларусча: «На рэчцы зімой»), (1941)
  • (беларусча: «Вершы для дзяцей»), (1945)
  • (беларусча: «У старых дубах»), (1941)
  • (беларусча: «Раніца жыцьця»), (1950)

Жарык көргөн окуу китепртери:

  • (беларусча: «Другое чытаньне для дзяцей беларусаў»), (Петербург, 1909)
  • (беларусча: «Мэтодыка роднае мовы»), (1926)
  • (беларусча: «Антось Лата»), (1917)
  • (беларусча: «На дарозе жыцьця»), (1917)
  • (беларусча: «Забастоўшчыкі»), (1925)
  • (беларусча: «Вайна вайне»), (1927)
  • (беларусча: «У пушчах Палесься»), (1938)

Өз эне тилине (беларусчага) А.С.Пушкиндин, Тарас Шевченконун, Адам Мицкевичтин, Рабиндранат Тагордун ж.б. айрым чыгармаларын которгон.

Сыйлыктары. Наамдары.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Сталиндик сыйлык, Биринчи даражадагы сыйлык (1946-жыл); Экинчи даражадагы сыйлык (1949-жыл)
  • Ленин орденинин беш жолку ээси
  • Эмгек Кызыл Туу ордени]
  • Биринчи даражадагы «Атамекендик согуштун партизаны» медалы
Орусия Банкы чыгарган тыйын акча. 1992-жыл

Беларуста Якуб Колас атындагы адабий-эскергич музей (ажайыпкана) бар.

Якуб Коластын ысымы Беларуста бир катар көчөлөргө, аянттарга, мекемелерге, театрга, университетке, ж.б. ыйгарылган.

Якуб Коластын ысымын алган жайлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Якуб Колас аянты, (Минск) шаары (мында эстелиги да бар)
  • Якуб Колас көчөсү, (Минск) шаары
  • Якуб Колас көчөсү, (Борисов шаары)
  • Якуб Колас көчөсү, (Украина, Киев шаары)

Адабият тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Александровіч, С. Х. Ад роднае зямли : Аповесць пра маленства і юнацтва Я. Коласа / С. Х. Александровіч. — Мінск : Дзяржвыд БССР, 1962. — 236 с.
  • Александровіч, С. Х. На шырокі прастор : Старонкі жыцця Якуба Коласа / С. Х. Александровіч. — Мінск : Мастацкая літаратура, 1972. — 429 с.
  • Александровіч, С. Х. Крыжавыя дарогі : Аповесць пра Якуба Коласа / С. Х. Александровіч. — Мінск : Мастацкая літаратура, 1985. — 333 с.
  • Пшыркоў, Ю. С. Якуб Колас : Жыццё і творчасць / Ю. С. Пшыркоў. — Мінск : Выдавецтва Акадэміі навук БССР, 1951. — 167 с.
  • Пшыркоў, Ю. С. Трылогія Якуба Коласа «На ростанях» / Ю. С. Пшыркоў. — Мінск : Выдавецтва Акадэміі навук БССР, 1956. — 226 с.
  • Пшыркоў, Ю. С. Эпас рэвалюцыі : паэмы Я. Коласа «Новая зямля» і «Сымон-музыка», трылогія «На ростанях» / Ю. С. Пшыркоў. — Мінск : Вышэйшая школа, 1975. — 238 с.
  • Пшыркоў, Ю. С. Летапісец свайго народа : Жыццёвы і творчы шлях Якуба Коласа / Ю. С. Пшыркоў. — Мінск : Навука і тэхніка, 1982. — 367 с.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]