Яншансин, Юсуп

Википедия дан

Юсуп Янхаевич Яншансин (1909-ж. Ысык-Көлдүн тескейиндеги Ырдык айылында туулган) – алатоолук дуңган (совет) окумуштуусу, кыргыз жана дунган тил илимине салым кошкон илимпоз.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1921-ж. мектепте татар мугалимдерден казакча таалим алган.
1925-1930-ж. Ташкенде татарча агартуу мектебинде (кийин педагогика техникуму) окуган.
Фрунзеге келип, № 4 дуңган мектебине башчылыкка дайындалган.
1932-ж. кыргыз тил жана жазуу илим изилдөө институтунда,
1934-1938-ж. ушул институттун дуңган секторунда,
1940-жылга чейин институттун илимий катчысы болуп иштеген.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин кыргыз тилинин лексикасынын өсүшү” деген эмгектин автору.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк”, 1990.