Үйрүлмөнүн сазы

Википедия дан

Үйрүлмөнүн сазы "Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда маанилүү маселелерди чечүү үчүн эл жыйылчу жер. Кытай-калмак кыргыздарды чапканда Алоокеден кордук көрүп кыйналган Каракандын сегиз уулу, Акбалта баш болуп, Ү. С-на жыйын курушу:

Үйрүлмөнүн сазына

Үйрүлүп жыйын салды эми.

Калк чогулган дөбөдө

Калдайып жыйын кылды эми (Саякбай Каралаев, 1. 29), — деп сүрөттөлөт. Кыргыздар Алтайдан Таласка көчүп келгенде Ү. с-на үч күн жыйын өткөрүп, Манасты кан көтөрүшөт (Саякбай Каралаев, 1. 169).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4