Үкүрчү

Википедия дан

Үкүрчү"Манас" эпосундагы топоним, көпчүлүк варианттарда калмактар мекендеген жерлердин бири катары эскерилет:

Үкүрчүнүн оюнда,

Үч-Капкактын боюнда,

Үйшүнбайдын тоюнда,

Ушу күнү оюмда,

Өлтүрбөй сени тирүү алдым

Үйүңдөн байлап бир алдым (Сагымбай Орозбаков, 3. 218), — деп Көкөтөйдүн ашында Кошой Жолойго балбанга түшүп бирин-бири алдын ала опузалашып айтышканда айтат. Акбалтадан алыста калган элинин жана Кошой баатырдын кабарын уккан Манас аны издеп чыгып Ү-нүн ою аркылуу Үч-Каркырага өтөт (Саякбай Каралаев, 1. 199). Географиялык реалияда түштүк-чыгыш Казакстандагы Текес дарыясынын оң куймасы, өрөөн, тоолу аймак. Илгери кыргыздар мекендеген, кийин бугу уругунун эли жайлап келген жер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4