Үмөталиева Жамал Темиркуловна

Википедия дан

Үмөталиева Жамал Темиркуловна (13-март 1933-ж. т., Фрунзе ш.) — искусство таануучу, СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1975), Кыргыз ССРинин искусствого эмгеги сиңирген ишмери (1983), искусство таануу илимдин доктору (1984), СССРдин (1984), Кыргыз ССРинин (1985) билим берүүсүнүн отличниги, проф. (1986), КР УИАнын корр. мүчөсү (1993), Эл аралык Калифорния искусство академиясынын академиги (1996), Кыргыз Республикасынындин Көркөм сүрөт академиясынын академиги (1998) Т. Үжөталиевдин кызы.

1955-ж. M. В. Ломоносов атындагы ММУну бүтүргөн. 1956-59-ж. Москвадагы көркөм өнөр жай ИИИнин аспиранты. 1959-68-ж. Кыргыз ССР ИАнын философия институтунда илимий кызматкери, 1968-79-ж. В. Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогика институтунда улук окутуучу, доцент, 1979-2011-ж. ФПИде кафедра башчысы, 2011-13-ж. КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда бөлүм башчы, 2013-жылдан философия, укук жана саясат таануу институтунда бөлүм башчы. Искусство таануу, эстетика, философия жана маданият таануу боюнча адис. Эмгектери кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхын изилдөө багытыңда. 200дөн ашык илимий эмгектин, а. и. 8 монография, 70 брошюра, 3 окуу китептин автору. Даңк медалы менен сыйланган. Үмөталиева кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун тарыхын изилдеп, көп илимий эмгектерди жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]