Үрүстөм

Википедия дан

Үрүстөм, Үрүстөм-Дастан — чыгыш элдерине кеңири белгилүү легендарлык баатыр; "Шах-Наме" дастанынын башкы каарманы. "Манас" эпосунда Сулайман, Искендер Зулкарнайн, Азиретаалы, Үрүстөм сыяктуу легендарлык кейипкерлердин образдарына эпикалык баатырлардын эрдиктери, эр жүрөктүүлүгү салыштырылуу менен алар өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырылат. Манас Ошпурда козу кайтарып жүргөндө, оттугун бербей койгон Баянчорду аттан оодара тартып, оттугун тартып алганда "Үрпөйгөндө кайраты, Үрүстөмдөй бар экен" (Сагымбай Орозбаков, 1. 105) дегени аркылуу Манас бала кезинде эле Ү-гө салыштырылат. Көбүнесе Манасты, башка баатырларды анын душмандары Ү-гө теңеп, эрдигин-каармандыгын калыс баалашат. Мисалы, Эсенкан:

Үрүстөмдөй иш кылган,

Балбандык кылган жашынан

Манас деген бала деп,

Барып келгин ага деп (Сагымбай Орозбаков, 1. 160), Манастан башка көбүнчө Алмамбет Ү-гө теңегтирилет: "Үлкөн Алма баатырдын Үрүстөмдөй сыягы" (Кол жазмалар фондусу, 585-инв., 29-б.).

Эпостун Сагымбай Орозбак уулу айткан вариантынын сюжеттик өнүгүшүнө, мазмунуна китептик таасирдин, айрыкча "Шах-Наме" дастанынын таасири тийгендигин, манасчынын бул дастан менен тааныш экендигин Ү-дүн атына байланыштуу саптар далилдейт:

Башкы тарых Шаанама

Барып андан карачы (Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 49-б.).

Адам эмес, периби?

Эрендердин илгерки

Эр Үрүстөм эриби?

Дагы эле өлбөй тирүүбү?

Самнармандын бириби (Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 272-б.),

Үстүнө темир кийинген

Үрүстөмдөй сыягы,

Жамынганы сууга акпас,

Жабыр-баян териси (Кол жазмалар фондусу, 1794-инв., 4-б.) жана башкалар.

Поэманын аты ("Шаанама"), анын башкы каарманы Ү. Эрендер (Иран) экендигин жана чоң атасынын ысымы Самнарман (Сам-е Нариман), ошондой эле анын жоо кийими "жабыр-баяндын" (бабр-е бейан) "Шах-Намедеги" Үрүстөмдүн жоо кийими да (бабр-е бейан) Алмамбетке таандыкталып айтылып (кыргыз тилинин фонетикалык мыйзам ченемине ылайык тыбыштык жактан өзгөртүлгөн), Алмамбеттин образы да кеңири идеалдаштырылат. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты вариантында:

Тал Чокуну ким ашкан? Үрүстөм Дастан эр ашкан, Андан кийин ким ашат? Арстан Манас шер ашат (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 919инв., 131 —133-б.) делет. Демек, эпостун тексти боюнча Манас Ү-дөн кийин чыккан баатыр болуп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4