Үсөнбаев, Замирбек

Википедия дан
Үсөнбаев Замирбек

Үсөнбаев Замирбек (1951-ж. т., Бишкек ш.) — төкмө акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1983). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1997). Даңк медалы (2002), III даражадагы Манас орденинин ээси (2011), II даражадагы Манас орденининин ээси (2021).


1978-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
1968-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштейт. 1991-жылдан филармониядагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси. Ошол эле мезгилде 1991-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда акындык өнөр боюнча сабак берет. Чыгармачылыгын мектепте окуп жүргөндө эле өздүк-көркөм чыгармачылык кароолоруна катышуу менен 12—13 жаштарында баштаган. Эл алдына ырдап чыккан алгачкы ырлары — атасы Алымкул Үсөнбаевдин «Кыргыз элим» жана Р. Шүкүрбековдун «Жер жөнүндөгү термеси» болгон.
Үсөнбаевдин талантынын калыптанышына атасы Алымкул төкмөнүн, айрыкча энеси Назимдин таасири өтө күчтүү болгон. Ал Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, М. Таранчиевдердин үлгүлүрүн алган. Э. Турсуналиев, А. Айталиев, Т. Абдиевдер менен ырдашып, айтыш өнөрүн алга сүрөп келе жаткан акыпдардын бири.
Өзүнүн «Комузчуларга», «Улууларды эскерүү», «Жаштар жөнүндө терме», «Нан жөнүндө» жана башка чыгармалары бар. Токтогулдун, Эшмамбеттин, Жеңижоктун, Алымкулдун, Калык, Осмонкул, Ысмайылдардын чыгармаларын, термелерин, айтыштарын аткарат.
«Замирбекгин ырлары» (1986) аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Үсөнбаев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын дипломаты (1985). Мурдагы СССРдин аймагыпан сырткары, АКШда, Японияда, Кытайда, Швецияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев: «Эне тилге кандай кам көрүлсө, улуттук маданиятка дагы ошондой камкордук керек»(жеткиликсиз шилтеме)
"Менин кызматта отурганыма кээ бирөөлөрдүн ичи тарып жаткандыр…" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
"Кырк жашка чейин калем кармаган жокмун" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine