Үч-Кошой өрөөнү

Википедия дан

Үч-Кошой өрөөнү - Талас Алатоосунун түн.-чыгыш капталында, Талас д-нын башталышында жайгашкан.

Түндүгүнөн Ортотоо менен чектешет. Деңиз деңг. Бийикт. 1400–2200 м. Уз. 40 км, туурасы 2–3 км, айрым жерлерде кууш капчыгай (Шумкардын тушунда) болуп, Чатбазарга жакын жазылыгы 800–1000 м. Эрозиядан пайда болгон кууш өрөөн, айрым жерлерде эки капталы тик кууш капчыгай. Өрөөндүн таманын тоо этектерин ж-а тектирчелерин төртүнчүлүк мезгилинин шагыл-таштары, кум, чопо тектери каптап жатат. Чет-жакасындагы Ортотоо, Талас Алатоосунун капталдары протерозой, палеозойдун сланец, конгломерат, кум, камдашкан чополорунан турат. Ортотоодо аларды гранит, гнейс тектери жиреп чыккан. Климаты континенттик, бийиктик б-ча өзгөрөт. Январдын орт. темп-расы —6... —7°С, июлдуку 15–16°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 350–400 мм. Өрөөн аркылуу Талас д-нын башы Үчкошой суусу агат. Өрөөндүн аймагында тоолуу коңур кара топурактуу талаа (1400–1900–2100 м бийиктикте; бетеге, коңурбаш, чий, төөкуйрук ж. б. өсүмдүктөр), бийигирээк (2100 м) чыгыш бөлүгүнө кара топурактуу шалбаалуу талаа (бетеге, тулаң, жылтыркан, түрдүү кылканактуу өсүмдүктөрү) мүнөздүү. Тоо беттеринде бийиктик алкактуулук байкалат. Үчкошой суусунун боюнда бадал, айрым жерлерде токой өсөт. Дан, тоют өсүмдүктөрү айдалып, жемиш бактары отургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2