Өзгөчө билдирүү

Википедия дан

"Өзгөчө билдирүү" (англ. Minority Report, орус. Особое мнение) - Стивен Спилберг режиссерлук кылган жана Филип К. Дик ошол эле аталыштагы кыскача окуяга негиздеп жазган 2002-жылы тартылган америкалык илимий фантастикалык тасма. Тасма Вашингтон шаарында жана Түндүк Виржиния штатында тартылып, 2054-жылдагы окуяларды баяндайт. Ал убакта "Кылмышка чейин" аттуу полициянын атайын бөлүмү келечекте жасала турган кылмыштарды психикалык жолдор менен алдын-ала изилдеп, кылмышкерлерди кармоого мүмкүнчүлүк алат. Тасмада Том Круз "Кылмышка чейинки" бөлүмүнүн жетекчисинин ролун, Коллин Фаррел "Адилет" бөлүмүнүн агенти Дэнни Витвердин ролун, Саманта Мортон күбөлөрдөн алдын-ала суракка алуу бөлүмүнүн жетекчиси Агатанын ролун жана Макс фон Сидов босс Ламар Бургестин ролун аткарышат. Тасма тек нуар, детективдүү роман, триллер жана илимий фантастикалык тасма жанрларын камтыйт. Ошондой эле баш каарман кылмыш кылуу боюнча күнөөлөнүп жатканда качып кеткендиги үчүн катардагы тасма деп да эсептелинет. Спилберг тасманын элүү пайызын каармандар жана элүү пайызын көп сандаган табышмактуу өлтүрүү иштерине негизделген абдан татаал окуя деп белгилеген. Тасманын эң башкы темасы - эркин эрк же чечкиндүүлүк суроосу болуп саналат. Анда, эгерде келечек болсо жана аны алдын ала биле алсак, эркин эрк барбы деген суроону изилдейт. Андан башка темалар - бул өз жарандарын коргоодо өкмөттүн алдын-ала алган иштериндеги ролу, өнүккөн технология чексиз болгон учурда медианын ролу, ишенимдүү прокурордун легалдуу болуусу жана кайрадан эле Спилбергдин тасмаларынан көргөндөй эле үй-бүлө көйгөйү көрсөтүлгөн.

"Өзгөчө билдирүү" - 2002-жылдын мыкты сын-пикирлерине ээ болгон тасмаларынын бири. Тасманын сценарийи, визуалдык эффектилери, темасы алкышка ээ болгон. Бирок тасманын аягы кинонун калган бөлүгүнө төп келбегендиги үчүн киносынчылар тарабынан сынга алынган. Тасма бир нече сыйлыктарга көрсөтүлүп, жеңишке ээ болгон. Тасма "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты үн монтаж" наамын жеңип алган жана "Сатурн" сыйлыгынын "Мыкты эркек актёр", "Экинчи пландагы мыкты эркек актёр", " Мыкты музыка", "Мыкты илимий-фантастикалуу тасма", "Мыкты режиссёрдук иш", "Мыкты сценарист" жана "Экинчи пландагы мыкты актер аял" категорияларында 11 наамга көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]