Стивен Спилберг

Википедия дан
Стивен Спилберг 2017

Стивен Аллан Спилберг (англ. Steven Allan Spielberg, Британия империясынын орденинин ээси; 1946-жылы 18-декабрь; Цинциннати, Огайо, АКШ) – америкалык режиссер, продюсер жана сценарист. Жаңы Голливудтун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналган Спилберг тасма тартуу тарыхындагы эң популярдуу режиссер жана продюсерлеринин бири болуп эсептелет. Ошондой эле Спилберг DreamWorks Studios студиясынын кош-негиздөөчүсү болуп саналат.

Чыгармачылыкта кырктан ашык жыл өткөргөн Спилбергтин тасмалары ар түрдүү темаларды жана жанрларды камтыйт. Спилбергтин "Деңиз азуулары" (англ. Jaws, 1975), "Үчүнчү даражадагы жакынкы кездешүүлөр" (англ. Close Encounters of the Third Kind, 1977), "Нух пайгамбардын жоголгон кемесинин уурулары" (англ. Raiders of the Lost Ark, 1981) жана "Жат планеталык" (англ. E.T. the Extra-Terrestrial, 1982) сыяктуу илимий фантастика жана укмуштуу окуялуу тасмалары азыркы Голливудтун эскапизм тасмаларынын үлгүлөрү катары каралат. Кийинки жылдардагы тасмаларында Спилберг Холокост, Атлантика океаны аркылуу адам сатуу, жарандык укуктар, согуш жана терроризм сыяктуу маселелерди козгоп чыккан, ошол тасмалардын ичине "Кызгылт көгүш жылдары" (англ. The Color Purple, 1985), "Күн империясы" (англ. Empire of the Sun, 1987), "Шиндлердин тизмеси" (англ. Schindler's List, 1993), "Амистад" (англ. Amistad, 1997), "Жоокер Райанды куткаруу" (англ. Saving Private Ryan, 1998), "Мюнхен" (англ. Munich, 2005), "Согуш аты" (англ. War Horse, 2011), "Линкольн" (англ. Lincoln, 2012) жана "Шпиондук көпүрө" (англ. Bridge of Spies, 2015) сыяктуу тасмалары кирет. Режиссердун башка тасмаларына "Юра доорунун паркы" (англ. Jurassic Park, 1993), "Жасалма интеллект" (англ. A.I. Artificial Intelligence, 2001) жана "Дүйнөлөрдүн согушу" (англ. War of the Worlds, 2005) кирет.

Спилберг "Шиндлердин тизмеси" жана "Жоокер Райанды куткаруу" тасмаларына "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты режиссер" номинациясынын жеңүүчүсү болуп, андан тышкары беш башка номинациялардын талапкери болгон. Спилбергтин "Деңиз азуулары", "Жат планеталык" жана "Юра доорунун паркы" тасмалары кассалык чогултуулардын рекордторун коюп тасманын жаңы блокбастер жанрына жол ачкан. Спилберг тарткан тасмалардын бруттосу дүйнө жүзү боюнча 9 миллиард доллардан ашат, ошентип Спилберг тарыхтагы эң кирешелүү режиссер болуп саналат. Режиссердун жеке капиталы божомол менен 3 миллиард долларга бааланат. Режиссердун бир канча актерлор, продюсерлер жана техника кызматчылары менен болгон кызматташтыгы белгилүү, бирок баарынан биринчи болуп композитор Жон Уильямс саналат, ал режиссердун бардык тасмаларына ("Кызгылт көгүш жылдары" менен "Шпиондук көпүрө" тасмалардан тышкары) музыка жазган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгиленген тизме бирдиги Санакталган тизме бирдиги Стивен Спилберг 18-декабрьда 1947-жылы Цинциннати ( АКШ-нын, Огайо штатында) Арнольд Спилбегр инженер-электронщиктин жана пианистка Леинин үй бүлөөсүндө төрөлгөн. Ал бала чагын өзгөчө Энн, Нэнси жана Сью деген кенже карындаштары менен өткөзгөн.

Спилбергтердин үй бүлөөсу Феникс( Аризона штатына) көчүп келгенде, Стивен мектепке кирди. Стивен классында жалгыз еврей болгондуктан, ал өтө кымсынган жана тартынчак балага айланды. Ал 12 чыкканда атасы ага 8мм камера белек берген, ал өтө көп пайдалынуучу белек болду, ошол убакыттан бери ал кинорежиссер болгонду кыялданат.

1960-жылда он үч жашардуу режиссер “Побег в некуда” деген киносун жаштар конкурсунда чыгарып, өзүнүн биринчи белегине ээ болгон. Плёнка сатып алуу үчүн, шыбыкчы болуп иштөөгө мажбур болгон. Мектепте мыкты окуучу болбосо деле, Калифорниядагы телевидение факультетинде окуган. Стивен Спилбергтин 1964-жылы биринчи кинолук чыгармасы “Свет пламени” эки жарым сааты түзүп,16мм пленкага тартылган. Кинодогу рольду өзүнүн үй бүлөөсу аткарган.Бул фильм Спилбергке 100$ пайда алып келди.

Кыскаметраждуу Спилбергтин “Эмблин”атту сүрөтү Universal компанианын көңүлүн буруп, С.Спилбергке Юниверсал тарабынан жети жылдык контракт сунушталган. Ушинтип башталган жаңы режиссер, окууну улантпай, карьерасын өнүктүрүүнү ойлоду.Биринчи анын жумушу телевизиондук сериалдардан башталган, 1971-жылы “Дуэль” деп аталган чоң эмес фильм катастрофа жөнундө тартылган. Бул фильм, Стивенге чоң ийгилик жана пайда алып келди. Жакын арада “ Юниверсалдын” продюссердик жумушун аяктаган соң, режиссерго толукметраждуу, өзүнүн сценарийсине карап, фильм тартаканы сунушталган, ал фильмде Голди Хоун (голивудтук актер) баш рольду аткарган.

Фильмдин сценарийси “Шугарлендский экспресс” Канн фестивалында премия менен сыйланган, тартылган фильминен соң Спилбергтин өзүн, танылуу режиссер Франсуа Трюффого окшоштурушкан. Кийинки фильм Стивен Спилбергти дүйнө жүзүнө белгилүү кылды. “Челюсти”, 260 миллион топтогон фильм, тарыхтагы эң чоң блокбастерге айланды. Дээрлик Стивендин бардык фильмдери жылдын окуясына айланып бараткан, “"Инопланетянин", трилогия Индиана Джонс жөнүндө (жана башкалар...).

Ушул убакта Стивен өзүнүн болочок жубайы Эми Ирвинг менен таанышкан. Режиссер жана актриса бири бири биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калышкан экен.1985-жылы алар турмуш курушкан, Эми Стивенге уул белек кылган, уулуна Макс деген ат бершкен. Бирок бул үй бүлөө бактысыз болгондуктан, 1989-жылы Стивен менен Эми ажырашып кетишкен. Максты, Стивен өзунө алып калган. Стивен режиссер катары эле эмес, ал продюссер жана сценарист катары белгилүү.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

www.kinopoisk.ru/name/22260/

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]