Шиндлердин тизмеси
| Шиндлердин тизмеси | |
|---|---|
| Режиссеру | Стивен Спилберг |
| Продюсер | Стивен Спилберг Жералд Р. Молен Бранко Лүстиг |
| Сценарийи | Стивен Заиллян |
| Оператору | Януш Каминский |
| Негизинде | Шиндлер кемеси Томас Кенилли |
| Тартылгандар | Лиам Нисон Бэн Киңсли Рэйф Файнс Каролин Гудэлл Жонатан Сагалл Эмбед Дэвидц |
| Музыкасы | Жон Уилиямс |
| Редактору | Майкл Кан |
| Жайылтуучу | Universal Pictures |
| Чыккан жылы |
|
| Узактыгы | 197 мүн.[1] |
| Өлкөсү | |
| Тили | Англис |
| Бюджети | $22 млн.[2] |
| Киреше | $321.2 млн.[3] |
"Шиндлердин тизмеси" (англ. Schindler's List, орус. Список Шиндлера)- 1993-жылы Стивен Спилберг тарткан, сценарийин Стивен Заиллиан жазган америкалык тарыхый эпикалык драма. Тасма австалиялык жазуучу Томас Кенеаллинин "Шиндлер кемеси"(англ. Shindler's Ark романына негизделген. Тасма миңдеген поляк-жөөт качкындарды фабрикасында жумуш берүү менен Холокосттон сактап калган Оскар Шиндлер аттуу этникалык немис бизнесмендин жашоосу жөнүндө баяндайт. Тасмага тартылгандар: Лиам Нисон (Шиндлер), Рейф Файнс (Амон), Бен Киңсли (Штөрн).
Шиндлердин жөөттөрү жөнүндө тасма тартуу идеясы 1963-жылы эле сунушталган. Шиндлер жөөттөрүнүн бири Полдек Пфефферберк Шиндлер тууралуу окуяны айтып жүрүүнү жашоо миссиясы кылып алган.
"Шиндлердин тизмеси" бетачары 1993-жылы 30-ноябрда Вашингтондо өткөн жана АКШда 1993-жылы 15-декабрда жарыкка чыккан. Тасма дээрлик дайыма эң мыкты тасмалардын тизмесинен түшкөн эмес. Тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер", "Эң мыкты сценарий", жана "Эң мыкты музыка" сыяктуу 7 Оскар сыйлыгын (12 наамдын ичинен) утуп алган жана мындан сырткары да (7 "BAFTA", 3 "Алтын Глобус" сыйлыгы) көптөгөн сыйлык ээси болгон. 2007-жылы "AFI" бардык мезгилдеги эң мыкты 100 тасманын ичинен 8-орундагы тасма деп белгилеген. 2004-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы Улуттук кино реестринде сактоо үчүн 2004-жылы аны тандап алган.
Сюжет
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тартылгандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Freer, 2001, p. 220
- ↑ McBride, 1997, p. 416
- ↑ McBride, 1997, p. 435