Бен Киңсли

Википедия дан

Сэр Бен Киңсли англ. Ben Kingsley;(туулгандагы аты Кришна Пандит Бханжи, 1943-жылдын 31-декабрында туулган) - англиялык актер, ал 40 жылдан ашуун өмүрүн чыгармачылыкка арнаган. Ал "Оскар", "Гремми", Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгын жана АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгын алган. "Ганди" (англ. Gandhi, 1982) биографиялык тасмасынде Махатма Гандинин ролун ойноп таанымал болгон. Бул ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын жеңип алган. Ал "Шиндлердин тизмеси" (англ. Schindler's List, 1993), "Он экинчи түн" (англ. Twelfth Night, 1996), "Жагымдуу айбан" (англ. Sexy Beast, 2000), "Слевиндин бактылуу саны" (англ. Lucky Number Slevin, 2006), "Каргыш тийген арал" (англ. Shutter Island, 2010), "Перс канзаадасы: Убакыт куму" (англ. Prince of Persia: The Sands of Time, 2010), "Гүгө" (англ. Hugo, 2011) жана "Темир адам 3" (англ. Iron Man 3, 2013) тасмаларында ойногон.

2002-жылы Букингем сарайында Б. Киңгслиге "Рыцарь-бакалавр" титулу ыйгарылган. 2010-жылы ал "Голливуд аллеясынын жылдызы" болгон. 2013-жылы Б. Киңгслиге Лос Анжелесте Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Британия" сыйлыгы дүйнөлүк кино тармагына кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]