Өздүк диффузия

Википедия дан

Өздүк диффузия – курамы таза затта же курамы туруктуу эритмеде заттын өздүк бөлүкчөлөрүнүн өз ара эркин аралашкан диффузиянын айрым учуру. Диффузияда диффузиялык кыймылга катышкан атомдор бирдей химиялык касиеттерге ээ, бирок айырмаланышы мүмкүн (мисалы, атомдун массасы боюнча караңыз. Изотоптор). Радиоактивдүү изотопторду колдонуп, масс-спектро-метрдин жардамында изотоптун курамын изилдөө менен өздүк диффузия процессин байкоого болот. Берилген көлөмдөгү изотоптун концентрациясынын убакытка карата өзгөрүшү кадимки диффузия теңдемеси менен жазылат. Процесстин ылдамдыгы өздүк диффузиянын тийиштүү коэффициенти менен мүнөздөлөт. Эгерде нерсеге (үлгүгө) беттик тартылуу, оордук, серпилгичтик, электрдик жана башка күчтөр узакка аракет этсе, анда катуу нерсенин (үлгүнүн) бөлүкчөлөрүнүн диффузиялык которулушу анын формасынын өзгөрүшүнө жана башка кубулуштарга алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,