Өкүл ата: 2-бөлүк (тасма)

Википедия дан
Өкүл ата 2-бөлүк (тасма)‎»‎ барагынан багытталды)
Өкүл ата: 2-бөлүк (тасма)
Режиссеру Фрэнсис Форд Коппола
Продюсер Фрэнсис Форд Коппола
Сценарийи Фрэнсис Форд Коппола
Марио Пүзо
Оператору Гордон Уиллс
Негизинде Өкүл ата (роман) Марио Пүзо
Тартылгандар Ал Пачино
Роберт Дүвал
Дайан Китон
Роберт Де Ниро
Талия Шайр
Моргана Киң
Жон Казале
Марианна Хилл
Ли Страсберг
Музыкасы Нино Рота
Редактору Питер Зиннер
Барри Малким
Ричард Маркс
Жайылтуучу Paramount Pictures
Чыккан жылы
  • декабрь 12, 1974 (1974-12-12) (Нү-Йорк)
  • декабрь 20, 1974 (1974-12-20) (АКШ)
Узактыгы 200 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Сицилия
Бюджети $13 млн.[2][3]
Киреше $47.5–57.3 млн. (Түндүк Америка)[2][3]

Өкүл ата 2-бөлүк (англ. The Godfather, Part 2, орус. Крёстный отец 2) — 1974-жылы Френсис Форд Коппола тарткан жана өндүргөн, сценарийин Марио Пүзо менен биргелешип жазган америкалык кылмыш тасмасы. Башкы каармандарды жараткандар: Ал Пачино жана Роберт Де Ниро. Пүзонун 1969-жылкы "Өкүл ата" романына жарым-жартылай негизделген тасма "Өкүл ата" тасмасынын алдындагы да, уландысы да болуп эсептелет. Тасмада эки окуя жөнүндө баяндалат: уландысы Майкл Корлеоненин 1958-жылдары үй-бүлөлүк бизнесин коргоосу; чейинки окуя - атасы Вито Корлеоненин балачагынан Нью-Йорктогу үй-бүлөлүк бизнесине чейин уланат.

Тасмага киносынчылар ар тараптуу пикир билдиришкен. Көпчүлүгү оператордук ишин макташса, айрымдары тасманын ырааттуу баяндалбаганын сындашкан. Тасма Оскар сыйлыгынын 11 наамына көргөзүлүп, "Эң мыкты режиссер" (Коппола), "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Де Ниро), "Эң мыкты сценарий" (Коппола жана Пузо) сыяктуу 6 сыйлык утуп алган. "Эң мыкты тасма" сыйлыгын уткан алгачкы уланды тасма болуп эсептелет. Пачино "BAFTA" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" наамын утуп алган жана Оскардын "Эң мыкты актер" сыйлыгына көргөзүлгөн.

"Өкүл ата" тасмасынын экөө тең гангстер жанрындагы эң таасирдүү тасма болуп саналат. 1997-жылы "AFI" Америка кино тарыхындагы эң мыкты 32-тасма деп белгилеген жана тасма бул рейтингди 10 жыл бою кармап турган. Айрымдар тасманы 1972-жылкы түпнуска тасмадан да жогору баалашкан. АКШ Конгрессинин китепканасы 1993-жылы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Godfather II. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. 2.0 2.1 The Godfather Part II (1974). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 26 -май (бугу) 2014.
  3. 3.0 3.1 The Godfather: Part II (1974) - Financial Information. The Numbers. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2014.