Өлчөмсүз триктотаж буюмдары
Өлчөмсүз триктотаж буюмдары - чоюлуп жыйрылма синтет. жиптен согулган буюмдар.
Бир эле Өлчөмсүз триктотаж буюмдары био нече өлчөмдөгү буюм ордуна жүиөт. Өндүрүштө даана трикотаж буюмдары (байпак. мээлей, спорт костюмдары ж. б.) көбүнчө бырышпас жиптен согулат. Ал жип бышык. жыпиылгыч. чоюлгуч полиамид жанa полиэфир булаларынан жасалат. Бырышпас (эластик) жип төмөнкүчө даярдалат: 1 .к жип 2500—4000 жолу айлантып чыйратылат да, чыйралган жип жылуулук менен иштетилет; жиптин тескери багытта айланып чыйралганын жандырганда, ал спираль формасындагы серпилгич, чоюлгуч (400%ке чейин) болуп көөп, көлөмдүү болуп калат.
Өлчөмсүз триктотаж буюмдарынын жылуулук сактоо, гигиеналык көрсөткүчтөрү табигый буюмдарга жакын, сырткы көрүнүшү кооз, арзан, бышык болгондуктан көп чыгарылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.